Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин алдында айыл чарба өнүмдөрүн экспорттоого көмөктөшкөн штаб түзүлдү. Аталган мекемеден кабарлашкандай, ал экспорттоодо келип чыккан маселе-көйгөйлөргө ыкчам чара көрүү максатында уюштурулдую
"Штабдын негизги милдеттери, абалга згүлтүксүз мониторинг жүргүзүү, бааларды жана суроо-талапты талдоо, логистикалык жана административдик тоскоолдуктарды жоюуга көмөктөшүү, продукциянын үзгүлтүксүз жеткирүүгө шарт түзүү, өндүрүүчүлөргө жана экспорттоочуларга консультациялык колдоо көрсөтүү, экспорт менен байланышкан маселелерди чечүүгө жардам берүү, текшерүү жана сертификациялоо органдары менен эффективдүү өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу, продукциянын сапатын текшерүү жана сертификациялоо жол-жоболорун жеңилдетүү, ички өндүрүүчүлөрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө колдоо көрсөтүү, жаңы чет элдик рынокторго чыгуу",-деп жазылган маалыматта.
Кыргызстан айыл чарба өнүмдөрүн, жер-жемиш жана мөмө-чөмөнү негизинен коңшу Казакстанга, Орусияга жана Өзбекстанга экпорттойт. Жыл сайын чек арада айрым бир көйгөйлөр жаралып, айыл чараба өнүмдөрү кайра артка кайтарылган, жолдон бузулуп кеткен учурлар байма-бай катталат.
Дагы караңыз
Шерине