Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Бишкектеги Киев жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги имараттын буздурулуп жатканы тууралуу түшүндүрмө берди. Ал Фесбуктагы баракчасына бул имаратты президент кирешени легалдаштыруу мыйзамына ылайык өзүнө кайра каттатканын, анын буздурулушу ошол жердеги башка объекттердин кожоюндарынын көп кабаттуу ири комплекс куруу демилгеси менен байланыштуу экенин жазды.
"Садыр Жапаров оппозицияда жүргөн убагында башкаларга каттаткан мүлктөрүн, анын ичинде Бишкектеги Киев көчөсү 96 дарегиндеги имаратты өзүнө каттатканын билдирген. Бул кадамы менен активдерин башкаларга каттаткандарды же чет жакта кармагандарды ресурстарын өлкөгө кайтарууга, легалдуу иштөөгө үлгү катары көрсөтүп чакырык жасаган. Имараттын буздурулуп жатышы болсо анын жанында кошуна жайгашкан башка курулуш обьектилеринин кожоюндарынын өз имараттары менен бирге Киев көч 96 дарегиндеги обьектини да бузуп, кеңейтилген жер тилкесинде көп кабаттуу ири комплексти куруу сунушу жана демилгесине байланыштуу. Башкача айтканда соцтармакта сөз болгондой бир эле имарат эмес, ага жакын жайгашкан башка курулуштардын да бузулушу күтүлүүдө. Демек бул аракет кошуна имараттардын кожоюндарынын өз ара макулдашуусунун жыйынтыгы. Кошуна жайгашкан имараттардын ордуна бир ири комплекс курулуп бүткөндө ал курулушка салым кошкондорго үлүштүк негизде таандык болуп калат",-деп жазды Алагөзов.
Садыр Жапаров былтыр жыл башында Киев жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги имараттын сүрөтүн жарыялап, бул жана башка имараттары мурда башкаларга катталганын, эми мыйзам чегинде өзүнө өткөнүн билдирген. Жалпысынан 20 миллион доллардык мүлкүн легалдаштырып, мамлекетке бир миллион сом төлөп бергенин айткан.
Ал мүлктү адалдаштыруу саясатын жарыялап, аткаминерлерди каткан мүлкүн ачык жарыялоого чакырган. Экономика министрлиги бул жараяндын алкагында жалпы 30 миңге чукул адам активдерин өзүнө каттаттыр, мунун ичинен 270тен көбү 100 миллион сомдон ашык бааланган мүлкү бар экенин көрсөткөнүн маалымдаган.
Алагөзов президентке таандык имараттын буздурулуп жатканы тууралуу түшүндүрмө берди

Дагы караңыз
Шерине