Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:26

Ватиканда Рим папасы Леон XIVтү такка отургузуу жөрөлгөсү өттү


Такка отургузуу жөрөлгөсүн көргөнү миңдеген адам чогулду.
Такка отургузуу жөрөлгөсүн көргөнү миңдеген адам чогулду.

Ватиканда 18-майда Рим католик чиркөөсүнүн жаңы башчысы Леон XIVтү такка отургузуу жөрөлгөсү өттү жана ал расмий кызматка киришти.

Жөрөлгөнү көргөнү миңдеген адам чогулду. Рим папасы өз сөзүндө жамырай журтту биримдикке чакырды жана католик чиркөөсүнүн мурасын сактоого, "автократ" башкаруучу болбоого убада берди.

Понтифик өз миссиясын "кооптонуу жана толкундануу" менен кабыл алып жатканын, бирок дүйнөдөгү 1,4 миллиард католиктин лидери катары заманбап чакырыктарга бекем болорун, буга чейинки понтифик Францисктин жакырчылык менен күрөш, айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы иштерин улантарын айтты.

1955-жылы АКШнын Чикаго шаарында туулган Роберт Превост Рим католик чиркөөсүнүн башына келген алгачкы америкалык болуп калды.

Өзүн реформатор деп эсептеген папа көптөгөн жыл Перуда миссионер болуп иштеп, ошол жакта архиепископ диний наамы берилген.

2015-жылы Превост Перунун жарандыгын алган жана 2023-жылга чейин Чиклайо деген шаардын епархиясын (бир нече чиркөөнүн тобу) жетектеген.

Жаңы папанын атасы, теги италиялык-франциялык Луи Мариус Превост Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери болчу, энеси Милдред Мартинездин теги испаниялык.

Леон XIV эки эркек бир тууганы бар.

Буга чейинки понтифик Франциск 21-апрелде 88 жаш курагында дүйнөдөн өткөн.

Шерине

XS
SM
MD
LG