Киев менен Москванын өкүлдөрү үч жылдан кийин бетме-бет жолукту
Стамбулда Орусия менен Украинанын үч жыл мурун үзгүлтүккө учураган тынчтык сүйлөшүүлөрү жанданды. Киевдин делегациясын коргоо министри Рустем Умеров, Москванын делегациясын президенттин жардамчысы Владимир Мединский жетектеп жатат. Арийне мамлекет башчылардын катышуусуз бул сүйлөшүүлөрдөн майнап чыгарын күткөндөр аз көрүнөт.
Шерине