Украина-Орусия тынчтык сүйлөшүүсүнө катыша турган орусиялык делегациянын курамы жарыяланды. АКШ президентинин атайын чабарманы эгер Түркиядагы бул жолугушууга орус президенти Путин өзү катышса, ал жакка Трамп да барарын билдирген. Соңку маалымат боюнча, Трамп Түркияга барбай турган болду.
АКШнын президенти Дональд Трамп Эр-Риядда Сириянын утурумдук жетекчиси Ахмед аш-Шараа менен жолукту. Катардагы сириялыктар санкцияларды алуу жөнүндөгү кабарга кубанып турса, Израил аш-Шарааны "жихадчы" деп сыпаттап, Батыштын аны менен мамиле түзүүсүнө каршы.
АКШнын президенти Дональд Трамп Эр-Риядда Сириянын утурумдук жетекчиси Ахмед аш-Шараа менен жолукту. Анын алдыңкы күнү америкалык лидер Сирияга салынган санкциялар алынарын жарыялаган.
АКШнын президенти Дональд Трамп Орусия - Украина сүйлөшүүлөрүнө катышуу үчүн 15-майда Стамбулга барууну караштырып жатканын билдирди. Ал ортодо украин лидери Зеленский орус президенти менен гана жолугушууга даярдыгын билдирсе, Кремл азырынча Путиндин Стамбулга барарын бышыктай элек.
Президент Дональд Трамптын тушунда АКШ саясатын өзгөртүп, Сауд Арабия менен жарандык өзөктүк энергетика жаатындагы кызматташуу сүйлөшүүлөрүндө падышалыктан Израил менен алакаларды жөнгө салууну талап кылбайт. Аналитиктер муну Тел-Авив үчүн терс көрүнүш деп чечмелешет.
Зеленский Москванын бетме бет сүйлөшүү өткөрүү чакырыгын жакшы жышаан катары баалады.
Индия менен Пакистан атышпоо тууралуу келишим бузулуп жатканын билдирип, бирин бири айыптап чыгышты. Индиянын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Викрам Мисри Пакистан тынчтык келишимин бир нече саат бою бузганын билдирди. Көп өтпөй ушундай эле айыптоо Пакистан тараптан айтылды.
9-майда Рим католик чиркөөсүнүн жаңы башчысы папа Леон XIV Ватиканда алгачкы таатын окуду. Андан бир күн мурда жаңы понтифик болуп шайланган америкалык кардинал Роберт Фрэнсис Превост көп жыл бою Перуда иштеген. Болочок папанын АКШ администрациясын миграция маселесинде сындаганы белгилүү.
9-майда Германиянын жаңы канцлери Фридрих Мерц Брюсселге барып, Европа биримдигинде жана НАТОдо жолугушууларды өткөрдү. Бул анын жогорку кызматка киришкенден кийинки алгачкы сапары.
Кызыл аянттагы парадга күбө болгон 30ка чукул лидердин арасынан көпчүлүктүн көңүлү Украинага каршы согушта Кремлге ишенимдүү өнөктөш болгон Кытайдын лидери Си Цзиньпинге бурулду. Москвадагы жеңиш парадынын максаты эмне? Путиндин Украинада үч күндүк жарашуу сунушу ишке ашып жатабы?
Азербайжандын президенти Илхам Алиев Москвага баруудан баш тарткандан кийин Кызыл аянттагы парадга 30ка чукул лидер күбө болду. Көпчүлүктүн көңүлү Украинага каршы согушта Кремлге ишенимдүү өнөктөш болгон Кытайдын лидери Си Цзинпинге бурулду.
Дагы жүктөңүз