Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:16

"2,5 млн китеп алабыз, мугалимге жасалма интеллект жардам берет"


Догдургүл Кендирбаева
Догдургүл Кендирбаева

Билим берүү жана илим министрлиги экиге бөлүндү. Мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүү, баштапкы кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү функцияларды Агартуу министрлиги аткарат.

Илимий, илимий-техникалык жана инновациялык иш, орто, жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү, интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү милдеттер Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине жүктөлдү.

Агартуу тармагындагы өзгөрүүлөр тууралуу министр Догдургүл Кендирбаева "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

- Догдургүл айым, жаңы структуралык түзүм тармакта кандай олуттуу өзгөрүүлөргө алып келет?

- Кесиптик билим берүү, же болбосо жогорку окуу жайлар, коллеждер, Улуттук аттестация комиссиясы, Илимдер академиясы мурда биздин тутумда турган, эми алар бөлүнүп кетти. Андан тышкары Кыргызпатент дагы кошулду. Базалык билим берүү, башкача айтканда, Баш мыйзамда кепилдик берилген мектепке чейинки билим берүү, мектеп жашына чейинки балдарды өнүктүрүү, ошондой эле жалпы, орто, негизги билим берүү, андан тышкары кесиптик-техникалык жана мектептен тышкаркы билим берүү сыяктуу тармактардын баары Агартуу министрлигинин функционалдык милдети болуп калды.

Эми бул өзгөрүүлөр эң биринчи эле артылган жүктөрдүн тең салмактуулугуна алып келет. Бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда милдеттүү түрдө коргоого алынып, кепилдик берилген бул базалык билим берүү. Мына ошонун бардыгы бүтүндөй бир министрликтин колунда өтө тез, ийкемдүү жана бүгүнкү мезгилдин чакырыктарына ылайыкташкан саясатты жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

- Эки министрликтин иши канчалык эффективдүү болот? Анткени маселенин баары барып эле каржылоого байланыштуу эмеспи?

- Өзүңөр билгендей, Кыргызстанда жалпы билим берүүнүн жаңы моделге өтүү этаптары жүрүп жатат. Башкача айтканда, 12 жылдык билим берүү моделдерине өткөнүбүзгө байланыштуу толугу менен мамлекеттик билим берүү стандарттары, предметтик стандарттар дүйнөлүккө теңдешүүгө бара жатат. Ошондой эле жогорку окуу жайлардан өзгөчө педагог адистерди даярдоодо тиешелүү "жол карталардын" муктаждыктарын эске алуу менен иштелип жаткан. Менин пикиримде, булар эч кандай өз ыргагынан бөлүнбөйт.

Ал эми 12 жылдык окутуу системасына өтүүгө байланыштуу өтө көп каржылоо процесстери уюшула баштаган. Биринчи иретте, жасалма интеллектти пайдалануу аркылуу санарип технологияларды киргизүүдөбүз. Мугалимдердин баары компьютер менен камсыз кылуу планы, жаңы муундагы дүйнөлүк китептер, айрыкча STEM эл аралык деңгээлдеги китептер менен камсыз кылуу.

Учурда 3-9-класска чейинки окуучуларды англис тилинде жазылган улуттук жана дүйнөлүк деңгээлдеги китептер менен камсыз кылуу процесстери жүрүп жатат. Албетте, биздин бул жаңыланууга баруунун өзөктүү маселеси - эмгек рыногунда болгон кыргызстандык жаштардын билим сапатынын өтө төмөнкү деңгээли. Биз үчүн курч, ыкчам, чечкиндүү кадамдарга баруубузга бул көрүнүш түрткү болууда.

- Бул эксперименттин натыйжасы кандай болот деп алдын ала анализдер жасалды?

- 12 жылдык окутуунун модели боюнча анализдер бир нече жылдан бери жасалып келатат. Мисалы, PISA аттестациясынын 2005-жылы өткөн алгачкы натыйжасында бизге толугу менен анализ жасалып, кайсы жерде кемчилик, кайсы жерде артыкчылык бар экенин көзгө сайып көрсөткөн. 2009-жылы да ушундай болгон. Андан берки 20 жыл ичинде PISA системасына биз өтөбүзбү же жокпу деп турдук. Анын статистикалык жана мазмундук, кыргыз жаштарынын иштеп кетүү деңгээли да текшерилген. Ошондуктан PISA системасы анализденип, далилденген. Мунун баары билим берүүгө таасир эте алат.

Ошондой эле биз эл аралык тажрыйбаларга таянганбыз. Мисалы башка өлкөлөрдүн ийгиликтерин жеринде барып көрдүк. Ошондой эле педагогикалык технологиялар менен улуттук педагогикалык талаптарды эске алуу менен жаңы мамлекеттик билим берүү стандарттары жазылды.

- Кыргызстанда мектептерде китептерден баштап, кадрларды даярдоого чейин маселе курч. Жакын арада ишке аша турган өзөктүү кадамдар кандай болот?

- Биринчи кезекте китеп менен камсыз кылуу маселеси турат. Маселен, биз 12 жылдык окууга өттүк. Буга ылайыктуу өкмөттүк токтомдор кабыл алынган. Андан тышкары 12 жылдык билим берүү моделине өтүү үчүн мамлекеттик иш-чаралардын 50% аткарылды.

Жаңы муундагы китептер менен камсыз кылуу үчүн 1 млрд сомго жакын 2,5 млн нускадагы китеп алабыз. Анан ошо эле багытта толугу менен балдарды окуткан мугалимдерди жаңы муундагы китептер менен иш алып барууга үйрөтүү турат.

Жасалма интеллектти, санариптештирүү процессин пайдалануу менен бүгүнкү күндө мугалимдердин сабак берүү процесстерин ишке ашырып жатат.

Мектеп 12 жылдык окууга даяр, мугалим 24 миң сом айлык алат
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:27 0:00


Шерине

XS
SM
MD
LG