АКШ президенти Дональд Трамптын Украинадагы согушту токтотуу ниетинде Орусиянын жана Украинанын башчылары менен өз-өзүнчө телефон аркылуу сүйлөшүү аракети жүрүп жаткан чакта Москва украин жергесинде адам өмүрүн алган кандуу дрон соккуларын күчөттү. Учкучсуз учактардын соңку соккулары борбор калаа Киевдин тегерегиндеги райондорго жана Сумы облусуна каршы жасалды.
18-майдын таңында Киев облусунун губернатору борбор калаанын чет жакасындагы Обухов районунда дрон чабуулунан 28 жаштагы аял каза болгонун, төрт жашар бала жараат алганын маалымдады.
17-майда Орусиянын Украинанын аймагына жасаган чабуулунан кеминде тогуз жайкын тургун жашоо менен кош айтышкан. Орусия менен чектеш тилкедеги Сумы облусунда жүргүнчү ташып бараткан кичи автобуска дрон тийген. Бул соккудан дагы ондон ашуун киши жараат алган, үчөөнүн абалын дарыгерлер оор деп баалап жатышканы кабарланган.
Бул чабуулдар Түркиянын Стамбул шаарында согуш башталган үч жылдан берки алгачкы орус-украин бетме-бет сүйлөшүүсү өткөндөн кийин жасалып жатат. 16-майдагы бул жолугушууда атышууну токтотуу макулдашылган жок, Украина Орусияны "аткарылгыс талаптарды коюп жатат" деп айыптады.
Анын алдында Орусия Украинанын жана украин бийлигинин Европадагы өнөктөштөрүнүн 2022-жылдын февралынан бери уланып жаткан толук масштабдуу кол салууну, атышууну кеминде 30 күнгө токтотуу тууралуу сунушун жоопсуз калтырган.
Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп 17-майда өзүнүн Truth социалдык түйүнүнө орус президенти Владимир Путин менен 19-майда телефон аркылуу сүйлөшкөнү жатканын, андан кийин украин президенти Владимир Зеленский менен, НАТО боюнча союздаштар менен да сүйлөшөрүн жазды.
"Мен Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшөм. Сүйлөшүүнүн темасы аптасына орточо эсеп менен 5 миңден ашуун орусиялык жана украиналык аскердин өлүмүнө алып келип жаткан кан төгүүнү токтотуу маселеси, соода-сатык маселелери болот. Андан кийин мен Украинанын президенти Зеленский менен, андан соң Зеленский менен чогуу НАТОнун ар кыл өкүлдөрү менен сүйлөшөм", - деди Трамп.
Ошону менен катар ал сүйлөшүүлөрү жемиштүү болоруна, атышуу токтоп, "өтө ырайымсыз бул согуш токторуна" үмүттөнөрүн билдирди.
Буга чейин Трамп Путин менен жолукмайынча эч кандай натыйжа болбой турганын айткан.
Fox News телеканалына Трамп орус президенти менен мамилесине байланыштуу оптимисттик көз карашта экенин , бирок, зарыл болсо Орусияга басым жасоого туура келерин билдирип:
"Биз жолугушубуз керек. Путин менен мунасага келе алабыз деп ойлойм. Эгер зарыл болсо мен Путинге басым жасоо аракетин колдоном", - деп белгилеген.
Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков Трамп менен Путиндин жолугушуусу эки тараптуу мамилени, Украина темасын жана башка маселелерди талкуулоо үчүн "албетте, зарыл" экенин, бирок андай сүйлөшүүнү даярдоо убакытты талап кыларын, ал эми эгер натыйжа бербей турган болсо андай жолугушууну уюштуруу зарыл деле эмес экенин 16-майда билдирген.
Украинанын жайкын тургундарынын өмүрү кыйылууда
Киев облусунун администрация башчысы Николай Калашник 18-майдагы чабуулдан адам өмүрү кыйылганын, үйлөр талкаланганын, учкучсуз учактын соккусуна кабылган жерлерде куткаруучулар иштеп жатканын кабарлады.
Украинанын аскер жетекчилиги борбор калаа Киевде жана тегерегиндеги райондордо, чыгыш облустарында таңга жуук абадан коркунуч жаралганы тууралуу эскертүү байма-бай берилип жатканын айтты.
17-майда Украинанын Улуттук полициясы орус аскерлери чек арага 10 чакырым жакын жайгашкан Белополье шаарында калаа аралык жүргүнчү ташуучу кичи автобусту атайылап бутага алганын билдирди. Бул кол салуу болгон жерден тартылып, аталган мекеменин Telegram каналына жарыяланган видео-сүрөттөрдөн талкаланган Mercedes кичи автобусун көрүүгө болот. Бул соккунун айынан каза болгондордун көбү пенсия курагындагы улгайган аялдар экенин жергиликтүү администрация башчысы Юрий Зарко билдирди.
"Бул күн биздин шаардын тарыхындагы "кара ишемби" болуп калды", - деген жетекчи Белопольеде жана жалпы Сумы облусунда Аза күтүү күнү жарыяланганын маалымдады.
Орусия бул окуя боюнча эч кандай комментарий берген жок. Адатта орус бийлиги жайкын тургундарды эмес, аскердик объектилерди гана бутага аларын айтып келет, бирок эч кандай далил көрсөтпөйт.
17-майда АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров телефон аркылуу сүйлөшкөнү маалым болду.
Мамлекеттик департаменттин пресс-катчысы Тэмми Брюс "Рубио Трамптын атышууну тез арада токтотуу тууралуу чакырыгын баса белгилегенин" билдирди.
Рубио өзү Италиянын борбор калаасы Римде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Орусия менен Украина ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн Ватиканда уюштурса болорун, бул жер эки тарапка тең ыңгайлуу болот деп ойлорун айтты.
Германиянын канцлери Фридрих Мерц Римде Италиянын өкмөт башчысы Жоржия Мелони менен жолугушууда Орусия менен Украинанын Стамбулда өткөн сүйлөшүүсү Киевдин атынан сүйлөшүүгө катышкан команданын "болушунча конструктивдүү мамилесине карабастан" үмүттү актабай калганын белгиледи.
Үч жылдан кийинки сүйлөшүү
Орус президенти Путин Украинанын жана анын өнөктөштөрүнүн атышууну 30 күнгө токтотуу тууралуу сунушун жоопсуз калтырып, анын ордуна 15-майда Стамбулда жолугушуу өткөрүүнү сунуш кылган. Украин президенти Зеленский Путин менен түздөн-түз жолугушууга даяр экенин билдирип, Түркияга учуп барган.
Бирок Путин өзү барган жок, ал эми жөнөткөн делегациясын серепчилер технократтар деп сындашты.
Киевдин Путин Зеленский менен кездешиши керектиги тууралуу талаптарына жооп берген Песков мындай жолугушуу "эки өлкө ортосундагы келишим түрүндөгү айрым жыйынтыктар жетишилсе" гана ыктымал болорун билдирген.
Стамбулда Орусия менен Украинанын 2022-жылдан берки алгачкы тынчтык сүйлөшүүсүнүн биринчи раунду 16-майда өттү. Кабар агенттиктери украиналык жана түркиялык дипломатиялык булактарга шилтеме жасап, сүйлөшүү эки саатка жетпей аяктаганын жазышты.
Маалыматтарга караганда, тараптар согуш туткундарын айырбаштоо тууралуу макулашып, ок атууну токтотуу багытында эч кандай алга жылуу байкалган жок. Орус тараптан ага технократтардан турган топ катышса, украин президенти коргоо министри Рустем Умеровдун жетекчилигиндеги делегацияны жөнөткөн.
Умеров Орусия менен сүйлөшүүлөрдө ок атууну токтотуу жана согуш туткундарын алмашуу маселелери талкууланганын билдирди. Министрдин айтымында, тараптар бир миңден туткунун айырбаштоону макулдашты.
Орус делегациясын баштап барган Путиндин жардамчысы Владимир Мединский алдыңкы күндөрдө туткун айырбаштоо ишке ашырыларын билдирди.
Рейтер агенттиги украиналык булактардын бири Москванын талаптары “башынан эле реалдуулуктан алыс болчу, буга чейин талкууланган маселелердин чегинен чыгат” деп айтканын жазды.
Шерине