Ишемби күнү Швейцариянын Базел шаарында өткөн Eurovision-2025 ыр сынагында австриялык ырчы JJ жеңишке жетти. Ал "Wasted Love" (Текке кеткен сүйүү) деп аталган, опера стилиндеги бийик ноталар камтылган ыры менен катышты.
24 жаштагы Йоханнес Пич (каймана аты JJ) ыр жашоосунан алынганын, жоопсуз сүйүү жөнүндө экенин билдирген. Сахнада океандагы бороон-чапкында эски кайыктын үстүндө тике туруп бараткан, чыдамкай адамдын образында ырдаган артистке калыстар да, көрүүчүлөр да эң көп упай ыйгарды.
Йоханнес Пич Вена шаарындагы опера театрында иштейт жана белгилүү чыгармаларда ролдорду аткарат.
Экинчи орунду израилдик Юваль Рафаэль, үчүнчүнү эстониялык Томми Кэш алды. Букмекерлер жана музыка талдоочулар "жеңүүчү болот" деп божомолдогон швециялык KAJ тобу төртүнчү орунду ээледи.
Шоу-таймашка 37 мамлекеттин ырчылары катышты. Анын 26сы финалда баш байге – Хрусталь микрофон үчүн күч сынашты. Жарым финалдар 13, 15-майда, ал эми финал 17-майда болду.
- Австрия буга чейин Eurovision сынагында 1966 жана 2014-жылдары биринчи орунду алган.
- Европа телерадиоберүү бирикмеси Eurovision сынагын 1956-жылдан бери жыл сайын уюштурат. Эрежеге ылайык, бирикменин түптөөчүлөрү болуп саналган беш мамлекеттин - Улуу Британиянын, Франциянын, Испаниянын, Италиянын, Германиянын жана сынакты өткөрүп жаткан өлкөнүн ырчылары түз эле финалга чыгат. Ким утса кийинки жылдагы жарыш анын өлкөсүндө болот. 2024-жылкы таймашты швейцариялык Nemo уткан.
- Ыр таймаштын жеңүүчүсү калыстар тобунун жана элдик добуш берүүнүн жыйынтыгында чогулган упайлар менен түз эфирде аныкталат.
- Сынакка Европа телерадиоберүү бирикмеси мүчө өлкөлөр жана Австралия катышат. Артистти тандоону ар бир өлкө өзү чечет. Кайсы бир өлкөдө конкурс менен тандалат, айрымдарына калыстар тобу аныктайт.
- Маалымат каражаттары Базелдеги Eurovision-2025 сынагын уюштурууга 37 миллион евродон ашык каражат коротулганын жазышты. Уюштуруучулар чыгым тууралуу расмий маалымат берген эмес. Сынак 14 200 көрөрманга ылайыкталган Saint Jakobshalle аренасында өттү. Ошондой эле калаадагы чоң стадионго монитор орнотулуп, миңдеген көрөрмандарга тартууланды. Эл аралык басылмалардын кабарларына ылайык, шоуну түз эфирде дүйнөдө 160 миллиондон көп адам көрдү.
Шерине