Жогорку сот камакка алынган жана чыгым үчүн өндүрүлгөн мүлктү сатуу үчүн portal.sot.kg сайты аркылуу электрондук аукцион системасы ишке киргизилгенин билдирди.
Буга байланыштуу 16-майдагы расмий иш-чарада Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев “бул жарандардын жана мамлекеттин кызыкчылыгында камакка алынган жана өндүрүлгөн мүлктү ачык-айкын, ыкчам жана адилеттүү сатууну камсыздаган механизм” болорун айтты. Ошондой эле коррупциялык тобокелчиликтерди азайтууга багытталганын белгиледи.
“Система арыз тапшыруудан тартып сооданын жыйынтыгын чыгарууга чейин толугу менен автоматташтырылган. Аукциондун уюштуруучусу болуп сот аткаруучу саналат, ал электрондук соода аянтчасына автоматташтырылган «Аткаруу өндүрүшү» маалыматтык системасы аркылуу лот боюнча маалыматты жана бардык керектүү документтерди тиркеп жайгаштырат”,-деп жазылган Жогорку сот тараткан маалыматта.
Саамалыктын алгачкы этабы Бишкек шаарынан башталат, сыноодон өткөндөн кийин башка аймактарга дагы жайылтылат.
Буга чейин соттун чечими менен камакка алынган, чыгым үчүн өндүрүлгөн мүлктү сатуудагы коррупция, кыңыр иштер тууралуу арыз-доомат көп айтылып келген.
Шерине