Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:25

Салман Рушдиге кол салган жаран 25 жылга соттолду


Салман Рушди.
Салман Рушди.

Теги британиялык, учурда АКШда жашаган белгилүү жазуучу Салман Рушдиге бычак менен кол салган Хади Матар 25 жылга соттолду. Ага адам өлтүрүүгө аракет кылган деген айып тагылган.

Кол салуу 2022-жылы августта Нью-Йорк шаарында жазуучу адабий кечеде лекция окуганга даярданып жатканда болгон. Ал сахнада турганда белгисиз адам чуркап чыгып, 20 секунддун ичинде он жолу бычак сайганга үлгүргөн.

Рушдини тик учак менен жергиликтүү ооруканага жеткиришкен. Кол салуудан кийин жарааттын айынан анын бир көзү көрбөй, бир колу дээрлик кыймылдабай калган.

Кылмышка шек саналып Нью-Жерсинин тургуну Хади Матар камакка алынган. Ал АКШга Ливандан көчүп барганы белгилүү болду.

Ал күнөөсүн мойнуна алган эмес жана сотто өзүн коргоп сүйлөөдөн баш тарткан.

1989-жылы Рушдинин “Шайтандын аяттары” деген китеби жарык көргөндө Ирандын ошол кездеги руханий көсөмү аятолла Хомейни чыгарма “Мухаммед пайгамбарга акаарат келтирет” деп, жазуучуну өлүм жазасына тартуу фатвасын чыгарган. Жазуучунун башына ири көлөмдөгү сыйлык сайылган. Хомейни 1989-жылы дүйнө салган. Бирок анын мураскери аятолла Али Хаменеи 2005-жылы фатва күчүндө кала берерин билдирген.

Рушдинин өмүрүнө болгон коркунучтан улам британ бийлиги 1989-жылы мартта Тегеран менен дипломатиялык мамилесин үзүп, жазуучуну бир нече жыл полиция кайтарып, жашыруун жерде жашап келген. Бир нече өлкөдө китепке тыюу салынган.

Иран 1998-жылы Британия менен мамилесин калыбына келтиргенде фатваны өзгөртө албасын, себеби аны 1989-жылы дүйнө салган Хомейни гана жокко чыгара аларын билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG