Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:23

Чукул кабар: аба ырайы кескин өзгөрөт, күн сууктап, катуу жамгыр, шамал болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) аба ырайыга байланыштуу чукул кабар таратты. Ага ылайык, аптаптуу күндөрдөн кийин аба ырайы кескин өзгөрөт. Аймактарда маал-маалы менен жамгыр жаайт, айрым региондоордо катуулайт, шамал болот.

"18-майда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде, күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир аймактарында, 19-майда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетет. Айрым облустарда абанын табы төмөндөйт. Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13°, күндүз 20…25°, Таласта түнкүсүн 6…11°, күндүз 19…24°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 11…16°, күндүз 21…26°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 3…8°, күндүз 15…20°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2…7°, күндүз 15…20°, республиканын тоо этектериндеги райондорунда түнкүсүн 5…10°, күндүз 14…19°, тоолуу райондордо түнкүсүн 1…6°, күндүз 11…16° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз 1…6° жылуу болот. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат",-деп жазылган маалыматта.

ӨКМ 16-17-май күндөрү Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күн 35-40 градуска чейин ысышы мүмкүндүгүен, ал эми Таласта 22-38 градуска жетиши ыктымалдыгын эскерткен.

Жогорку Кеңештин 14-майдагы жыйынында айрым депутаттар күн адаттан тыш ысып, аба ырайы кескин өзгөрүп, айрым аймактарда фермер-дыйкандар кыйынчылыкка кабылышы мүмкүн экенин эскертишкен. Өкмөттү буга байланыштуу чукул чараларды көрүүгө чакырышкан.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Айлана-чөйрө программасы жүргүзгөн изилдөөдө дүйнөнүн башка аймактарына салыштырмалуу Кыргызстанда абанын ысышы эки эсе тездик менен жүрүп жатканы айтылган. Ага ылайык, өлкөдө 1960-2023-жылдар аралыгында орточо температура 1,2 градуска көтөрүлгөн жана жакынкы он жылдыкта көрсөткүч дагы жогорулашы мүмкүн.

Шерине

XS
SM
MD
LG