Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:32

Евробиримдик Орусияга жаңы санкция даярдап жатканы кабарланды


Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен.
Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен.

Орусияга каршы санкциялардын жаңы пакетин киргизүү тууралуу Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен 16-майда Тиранада өтүп жаткан саммитте билдирди.

Еврокомиссиянын төрайымы өз сөзүндө Москва 9-майга карата жарыялаган ок атышууну токтотуу режимин өз тарабынан бузганын белгилеп, шаркет Орусиянын президенти Владимир Путинге басым көрсөтүүнү көздөрүн айтты:

"Ал тынчтыкты каалабайт, андыктан биз басымды күчөтүшүбүз керек жана санкциялардын жаңы пакетинин үстүнөн иштеп жатабыз", – деди Урсула фон дер Ляйен.

Еврокомиссиянын төрайымы белгилендей, жаңы санкциялар Орусиянын каржы секторуна да таасирин тийгизет. Евробиримдик "Түндүк Агым 1" жана "Түндүк Агым 2ге" газ куурларына дагы жаңы чектөөлөрдү даярдап жатканы маалым болду.

16-майда Европа өлкөлөрүнүн лидерлери Европанын саясий шериктештигинин саммитине чогулушту. Күн тартибиндеги маселелердин арасында Европанын коопсуздугу жана демократиялык туруктуулугу, анын ичинде Украинадагы согушту жөнгө салуу маселелери бар.

Албаниянын баш калаасында өтүп жаткан европалык лидерлердин саммитине украин президенти Владимир Зеленский да катышууда. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG