Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу аскер бөлүктө жоокерлерди мазактап, зомбулук көрсөтүүгө шектүүнү Аскер прокуратурасы камакка алып, тергөө жүрүп жатат. Бул тууралуу 16-майда аталган министрлик кабарлады. Ошондой эле министр Бообек Ажикеев жоокерлерге зомбулук көрсөтүп, мазактаган жана ага жол берген деген бир катар аскер кызматкерлерин жазалаганын билдирди. Ага ылайык, бир адам жумуштан алынып, дагы үчөө кызматынан төмөндөтүлдү. Бир катар офицерлерге сөгүш берилди.
"Өздүк курам менен тиешелүү иш алып барбаганы, өзүнүн кызматтык милдеттерин так аткарбаганы жана кадр саясатын талаптагыдай деңгээлде жүргүзбөгөнү үчүн № 86123 аскердик бөлүктүн – Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун башчысы кызматтан бошотулду. Бул аскер бөлүгүнүн башчысынын биринчи орун басары, үчүнчү куткаруу кошуундун командири менен анын өздүк курамы менен иштеген орун басары кызматтарынан төмөндөтүлдү. Мындан сырткары мөөнөттөгү жоокерлер менен иштеген офицерлерге мыйзам чегинде сөгүш жарыяланды",-деп жазылган маалыматта.
Аскер прокуратурасы №86123 аскер бөлүктөгү жоокерлергө көрсөтүлгөн зордук-зомбулуктан улам Кылмыш-жаза кодексинин “Уруп-сабап” кыйноо беренеси менен кылмыш ишин козгогон.
Апта башында социалдык тармактарда аскердик форма кийген бир нече адамды башы менен жер сүздүрүп коюп, белгисиз бирөө оозго алгыс сөздөр менен сөгүп жатканы тартылган видео тараган. Бул армиядагы чоңсунуу тууралуу талкуу жаратып, коомчулуктун сынына кабылган.
Президент Садыр Жапаров бул окуяга байланыштуу жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү аткарбагандыгы үчүн деген негизде министр Бообек Ажикеевге катуу сөгүш берген.
ӨКМ бул окуя ушул жылдын февраль айында ага караштуу аскердик бөлүктөрдүн биринде болгонун ырастап, ага жол берген кызматкерлер жумуштан бошотулганын билдирген.
Кыргыз армиясында аскерлердин өлүмү, суицид, уруп-сабоо фактылары катталып келет. Коргоо министрлиги акыркы жылдары жоокерлер арасында чоңсунуу азайганын билдирген.
ӨКМ жоокерлерди мазактаган аскер кызматкери камакта экенин билдирди

Дагы караңыз
Шерине