Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов кызматтан кетерин жарыялады. Ал Фейсбуктагы баракчасына көп жыл мамлекеттик кызматтарда иштегенин, өз эрки менен бул орунду бошотуп берип жатканын, президентке кайрылганын жазды.
"Мен 2025-жылдын 8-апрелинде 65 жашка чыктым. 43 жыл мамлекеттик кызматта болдум. Мыйзамды туу тутуп, үлгү көрсөтүп орунду бошотуп жатам. Жаңы адамдар келсин! Президент менен эриш-аркак өтө сый урмат менен иштешкениме миң мертебе ыраазымын!!! Бүгүн президентке кайрылуу киргиздим. Ыраазычылыгын сурадым. Дайым сиздер мененмин",-деп жазды Касмамбетов.
Президент Садыр Жапаров менен анын администрациясы, басма сөз кызматы азырынча комментарий бере элек.
Кыргызстанда мамлекеттик катчы кызматы 2021-жылдын башында кайра киргизилген жана бул орунга июль айында Чолпонбек Абыкеев дайындалган.
Ошол жылы октябрь айында ал кезде 2020-жылдын октябрь айынан тарта президенттик администрациянын башчысы болуп иштеп жаткан Сүйүнбек Касмамбетов мамлекеттик катчы болуп дайындаган.
Мамлекеттик катчы кызматы Кыргызстандын эгемен тарыхында алгач президент Аскар Акаевдин тушунда киргизилген. Экинчи президент Курманбек Бакиев аткаруу бийлигин реформалоонун алкагында бул институтту 2009-жылы жойгон.
Бул институт жана анын маани-маңызы, жетекчилери тууралуу коомчулукта пикир бир кылка эмес.
Шерине