Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:45

УКМК Көлбаевдин тобун каржылоого шек саналган казак ишкерине издөө жарыялады


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имараты. Иллюстрациялык сүрөт.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имараты. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитети Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) кылмыштуу тобун каржылоого шек саналган казакстандык ишкер Ерканат Жумабековго издөө жарыялады. Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, ал кримчөйрөдө "Братский круг" деген ат менен таанылган топко кирген.

"Ерканат Жумабеков опузалап акча алуу, ишкерлерден акча чогултуу, КМШ өлкөлөрүнүн аймагында өзүнүн бизнес кызыкчылыгын көздөө, экономикалык долбоорлорду илгерилетүү максатында "Мыйзамдагы ууру" Камчыбек Асанбек менен тыгыз байланыш түзгөн. Аны менен дос болуп, Ысык-Көлдөгү "Барс" эс алуу борборунун аймагында бир нече ирет жолуккан. Камчыбек Асанбектин жакын туугандары Алматы шаарына барганда аларга ар кандай жардам көрсөткөнү аныкталган",-деп жазылган маалыматта.

Казакстандык ишкер жана анын жактоочусу бул тууралуу азырынча комментарий бере элек.

УКМК буга чейин дагы Көлбаевге байланыштуу башка мамлекеттердин ишкерлерине издөө жарыялаган учурлары болгон.

Бытыр августта УКМК казакстандык ишкер, Ысык-Көл районундагы “Симирам” эс алуу борборунун ээси Ясынжан Таировго издөө жарыяланганын билдирген.

Ошол жылы июнь айында дагы бир казакстандык ишкер, Чаткалда кен казган “Вертекс Голд” компаниясынын ээси Владимир Жуманбаевге эл аралык издөө жарыялап, ал Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылап турганы аныкталганын билдирген. Көп өтпөй Жуманбаев Кыргызстанга келип, бир катар тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлгөнү кабарланып, ишкерге мурда коюлган айыптар алынып, сотко чейинки өндүрүш иши токтотулган.

2024-жылы март айында ушундай эле шек менен орусиялык ишкер, "Капитал Групп" компаниясынын ээси - Тё Павелге (кылмыш чөйрөсүндө "Паша Кореец" катары белгилүү) издөө жарыяланган, бирок көп өтпөй анын иши дагы токтотулган.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) 2023-жылы 4-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын операциясында өлтүрүлгөн. Мүлкү мамлекеттин карамагына өткөн. Ошондон бери аны менен байланышы бар делген бир катар адамдар камалып, айрымдары абактан чыккан.

Шерине

XS
SM
MD
LG