Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:50

Кыргыз базарында кытай картөшкөсүнө суроо-талап кантип өстү?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жыл башынан бери кыргыз базарларын Кытайдан келген картөшкөлөр каптады. Ошол эле маалда жергиликтүү дыйкандар өз өндүрүмдөрүн сата албай, чирип баратканын айтышууда. Муну менен катар Орусиядан келген жылкы, бодо мал жана үй канаттуулардын саны 5-6 эселеп көбөйгөн. Түркиянын жумурткалары да жалпы жумуртка импортунун 80%на жетип жатат. Кыргыз өкмөтү өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу менен атамекендик ишкерлердин кызыкчылыгын кантип коргоп жатат?

Ысык-Көл менен Нарында айрым дыйкандар былтыркы картөшкөсүн сата албай, чирип баратканын айтып нааразы болууда. Алар жогору жактан түшүмдүн жакшы баада сатылышына кызыкдар болуп, кол кабыш кылган жан болбой жатканын, анын ордуна Кытай менен Пакистандан картөшкө киргизип дыйкандын мээнетин күйгүзүп жиберишкенин айтышат.

“Бизде картөшкө өтпөй, чирип жатат. Ортодон Кытайды ачып ийип, алуучу жок азыр. Азыр Бишкекте жалаң Кытайдыкы өтүп жатат. Кытайдын картөшкөсүн алып келип, мүшөктөн чыгарып, кайра тор мүшөккө салып, Тоңдуку, Кочкордуку деп сатып атышат. Даамы пенициллиндей деп атышат, аны текшерген эч ким жок”, - деп айтып берип жатат социалдык тармакка видео тарткан бир адам додо-додо болуп көмүлүп жаткан картөшкөлөрдү көргөзүп. Видеотасма марттын соңунда тартылган экен, андан бери картөшкөсү сатылып-сатылбаганы белгисиз.

Дагы бир дыйкан картөшкө Бишкекте 70 сомго чыгып жатканы менен, Ысык-Көлдө алуучу жок экенин, Кытай менен Пакистандан импорт көбөйгөндөн бери жергиликтүү картөшкө өтпөй калганын айтып наалып жатат.

“Жаздан баштап күзгө чейин дыйкандардын чыгымын эсептеген адамдар барбы? Өкмөт тараптан кичине кызыкчылык болуп, ушу бир гектарга канча чыгым кетет экен, аны эсептеп көргүлө да. Бир кишини 1,5 миң сомго жалдап атабыз, Ак-Суу, Жети-Өгүз райондорунда 2-2,5 миң сомго чейин жалдап иштетип атышат. Анын техникалык чыгымы бар, бир гектарына 25 литрден май куюп, гектарын 1500 сомдон айдатабыз. Жерди ижарага канчага алабыз, 30 миңден кеми жок. Ошонун баарына кызыкдар болуп, дыйкандын эмгегин бир аз баалаш керек да”.

"Кытай картөшкөсүн жеп отурганыбыз уят"

Жергиликтүү дыйкандар түшүмүн сата албай, чыгымга учурап жаткан маалда, чет элдин азык-түлүгүн жеп отуруш натуура экенин айткан депутаттар да коңгуроо кагып келет.

Жогорку Кеңештин 14-майдагы жыйынында бир нече депутат кыргыз дыйкандарын суу менен камсыздоого жетиштүү көңүл буруу зарылдыгын көтөрүштү. Алар күн ысыганда сугат суунун жетишпей жатышы быйылкы түшүмдү тобокелдикке учуратып, алдыда азык-түлүк коопсуздугуна чоң коркунуч жаратчудай болуп турганын айтышты.

Депутат Дастанбек Жумабеков быйылкы жазда күн кескин ысып кеткендиктен, жер катып, суу тартыш болуп жатканын, мындан улам көп эгиндер чыкпай калганын айтты. Ал өкмөттү дыйкандардын көйгөйүнө мамлекеттик деңгээлде көңүл бурууга чакырды.

Башка бир депутат Исхак Масалиев азык-түлүк коопсуздугуна өкмөт менен парламент азыртан чогуу-чаран киришпесе, маселе татаалдап кетерин эскертип, эл кытай картөшкөсүн жеп отурганы уят экенин белгиледи.

“Азык-түлүк коопсуздугу деген маселени өкмөттүн жыйынына чыгарып, керек болсо биздин тармактык комитеттин өкүлдөрүн чакырып, бир чогуу талкууласак туура болмок. Себеби, эртең тез эле жай келет. Жайында суу жетпей калат, кошуналар да суранат. Бардык маселелерди талкуулап, бир чечимге келишибиз керек. Үнөмдөшүбүз керекпи же башка кылыш керекпи – даярданышыбыз керек. Биз кышы бою Кытайдан келген картөшкөнү жеп жүргөнүбүз уят нерсе да. Биз өзүбүздүн коопсуздукту сакташыбыз керек”.

Айыл-чарба министрлигинин эсеби боюнча, Кыргызстан жылына 1 млн 200 миң тонна картөшкө өндүрөт. Калктын керектөөсүнө 700 миң тонна, үрөнгө 300-400 миң тонна керектелет. Калган 100 миң тоннасы экспортко кетет.

Жыл башында коңшу Казакстанда азык-түлүк коопсуздугу үчүн картөшкө экспортуна алты айлык чектөө киргизилген болчу. Кыргыз өкмөтү да февраль айында картөшкөнүн экспортун чектөө маселесин караган. Экспорттук чектөөлөр жергиликтүү рыноктогу бааны спекуляциялоого жол бербей, азык-түлүк коопсуздугуна жагымдуу шарттарды түзөт деген үмүт болгон. Бирок, жыйынтыгында өндүрүшчү-дыйкандардын киреше табуусуна шарт түзүп берүү үчүн чектөө киргизбөөнү чечишкен.

Мындан улам, расмий маалыматтарга көз чаптырсак, кыргыз экспортчулары 2024-жылы жылдагыдан үч эсе көп – 120 миң тонна картөшкө сатышкан. Ал дээрлик бүт бойдон Өзбекстанга кеткен.

Айыл чарба министрлиги 2024-жылдын күзүндө дыйкандарга “түшүмүңөрдү сактагыла, жаңы жылга жакын картөшкөнүн баасы көтөрүлөт, ошондо көбүрөөк пайда табасыңар” деген сунушун берген. Министрликтин ырасташынча, ошол сунуштун негизинде баалар он жылда болуп көрбөгөндөй көтөрүлүп, көптөгөн дыйкандар картөшкөдөн жакшы пайда табышты. Бирок, арасында эрте жазда баа дагы көтөрүлөт деп картөшкөсүн сатпай, сактап спекуляцияга ыктап кеткендер да болгонун эске салат.

"Картөшкө импорту базардагы бааны турукташтыруу үчүн керек"

Элдин кытай картөшкөсүн жеп отурганы тууралуу депутаттын сөзүнө Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги расмий жообун жарыялады.

Айыл-чарба министрлиги 2025-жылдын башында картөшкөнү чет өлкөдөн (анын ичинде Кытайдан) импорттоо түздөн-түз ички рынокто бааны турукташтырууга багытталганын айтууда.

“Ортомчулардын алып-сатарлык баа саясатынан улам кыш-жаз мезгилдеринде картөшкөнүн баасы 80-90 сомго чейин, айрым учурларда 100 сомго чейин көтөрүлгөн. Бул карапайым сатып алуучулардын капчыгына чоң сокку болду. Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо үчүн бааны так турукташтыруу керек болчу. Ошол эле учурда импорттук керектөөнүн көлөмү бир пайызга да жетпейт”.

Арийне, жыл башынан бери картөшкөнүн баасында турукташуу эч байкалбайт. Расмий статистикалык маалыматтарга таянсак, картөшкөнүн чекене баасы жыл башынан бери 37%га өстү. Ал эми бир жыл мурунку мезгилге салыштырсак, баа дээрлик эки эсе көтөрүлгөн. Кымбаттоо дагы деле токтой элек – күн сайын орточо 30-40 тыйындан өсүп жатканын көрүүгө болот.

Эми Кытайдан импорттолуп келаткан картөшкөнүн көлөмү менен баасына саресеп салалы. Бул жерде Кыргызстандын Айыл-чарба министрлигинин, Улуттук статистика комитетинин жана Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын маалыматтарын жарыштыра карап көрөбүз.

Айыл-чарба министрлиги болсо апрель айынын ортосуна чейин Кыргызстан 11,8 миң тонна картөшкө импорттогонун кабарлаган. Алар негизинен Кытай, Монголия жана Пакистандан келген.

Улуттук статистика комитетинин эсебинде, 2025-жылдын январь-март айларында 326 млн сомго 9 миң тонна картөшкө импорттолуп, анын үчтөн экиси (6,5 миң тонна) Кытайдан, 20%ы (1,9 миң тонна) Пакистандан келген. Акчасы менен көлөмүн салыштырып, орточо баасын чыгарсак – ар бир тоннасы Кытайдан 30,6 миң сомдон, Пакистандан 40,6 миң сомдон келген болот.

Кыргызстан мурда-кийин Кытайдан ири көлөмдө картөшкө импорттогон эмес. Расмий статистика менен ишкер баяндамаларда жылына 30-40 тоннадан ашык импорт тууралуу маалымат кездешпейт. Бул жылы көрүнүш кескин өзгөрдү – аны аңдоо үчүн Бээжиндин эсебине да көңүл буралы.

Кытайдын Башкы бажы башкармалыгы картөшкө экспорту боюнча январь-март айларындагы маалыматын жарыялады. Ага ылайык, үч айда чет өлкөлөргө 147 миң тонна картөшкө экспорттогон болсо, анын 34,5 миң тоннасын же жалпы көлөмдүн ¼ бөлүгүн Кыргызстанга саткан. Дагы да тагыраак айтсак, Кытайдын картөшкөсүнүн эң ири кардарларынын ичинде Кыргызстан экинин бири болууда. Анын Кытайдан чыгып аткандагы экспорттук баасы 30 млн долларга турган.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Самат Насирдинов базар экономикасында товарга суроо-талап менен сунушту өзү жөнгө салып турарын айтат. Кээде баалар жасалма көтөрүлүп баштаганда, башка өлкөлөрдөн продукция кирип, базарды байытып, бааны турукташтырып турарын эскертет. Айтымында, Кытайдан келип жаткан картөшкө казынага да пайда келтирип, базардагы баага да жагымдуу таасир кылып жатат.

“ЕАЭБдин тартиби боюнча, бизде азык-түлүк картошкасына 10-15% бажы алымы алынат. Буга кошумча, кошумча нарк салыгы бар. Кыргызстанга кирип жаткан кытай картошкасы бажы алымы менен КНС салыгын төлөгөндөн кийин да дүң баада келип жатат. Ал бажы төлөмдөрүн кылып биздин бюджетти да толтурат, базарды да байытып турат. Ар кандай алып сатарлар бар да, көп сактап алып, бири-бири менен сүйлөшүп алып бааны 100-120 сомго көтөрөбүз дегени элге зыян болуп калат. Ошондой кезде импорт келип калышы мүмкүн. Муну базар жана баа чечет”.

Коомдо Кытайдан келген картөшкөнүн сапатына бүшүркөгөн мамиле бар. Анын курамында химиялык элементтер нормадан ашыкча деген маалыматтар айтылып турат. Расмий лабораториялар товардын сапаты чек арадан кирип жатканда текшерилип турарын, жергиликтүү базарларда сатылып жаткан кытай картөшкөлөрүнүн химиялык курамы талапка жооп берерин билдирип келет.

Орусиядан мал-жандык, Түркиядан жумуртка импорту көбөйдү

Бул арада Орусиядан импорттолгон бодо мал, жылкы жана үй канаттууларынын саны да мурдагыдан кескин көбөйгөнү байкалат. Улуттук статистика комитетинин эсебине таянсак, 2025-жылдын январь-март айларында импорттолгон 2 миң жылкынын 75%ы, 13 миңдей бодо малдын 82%ы жана 574 миң үй канаттууларынын 90%ы Орусиядан келген. Мурунку ушул жылга салыштырганда үч жандыктын импортунун өсүшү 5 эседен 10 эсеге чейин жеткен.

Айыл чарба министрлиги соңку эки жылдан бери Өзбекстандан ири компаниялар келип, бодо малды көп сатып алып жаткан көрүнүш бар экенин айтат. Мындан улам, баа 10-20%га көтөрүлүп, мал кармаган айыл эли көбүрөөк пайда таап жатканы менен жалпы рынокто тескери эффект да бар экенин белгилейт.

2025-жылы Кыргызстандын жумуртка рыногунда да жаңы оюнчу – Түркия пайда болду. Улутстаткомго байкоо салсак, январь-март айларында импорттолгон 1 млн 912 миң жумуртканын 81%ы Түркиядан келген. Былтыр ушул мезгилде Түркиянын жумурткасы мындан 25 эсе аз болчу жана жалпы жумуртка импортунун 9% эле түзөөр эле.

Суу ресурстары, айыл-чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Самат Насирдинов башка өлкөлөрдө айыл чарбасына көп көңүл бурулуп, мамлекеттик колдоо жогору экенин, мындан улам алардан импорттолгон өндүрүмдөр арзанга турарын айтат.

“Түркиядан келип жаткан жумурткалар, товардык жумуртка эмес. Алар көбүнчө инкубациялык жумурткалар. Алар породалык жумурткалар болгондуктан, бул жакка келгенден кийин эт же жумуртка багытындагы канаттуулар чыгарылат”.

Кытай менен Орусия Кырызстандын эл аралык соодадагы эң башкы өнөктөштөрү болуп саналат. Өлкөнүн тышкы соодасында экөөнүн орду 60%га чукул – Кытайдын үлүшү 35% болсо, Орусияныкы 23%ды түзөт. Арийне, анын 70%нан 95%ына чейинки бөлүгү импорттон турат. Бул эки ири рынок менен соода жүргүзүүдө Кыргызстан аларга өзүндө өндүрүлгөн айыл-чарба азыктарын экспорттоодон көбүрөөк пайда табууну көздөп келет. Бирок, бул мүдөө азырынча ишке ашпай, тескерисинче, алардын өндүрүмдөрү кыргыз рыногуна көбүрөөк жайылып, жергиликтүү базарларда өз өкүмүн таңуулап келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG