Украинанын президенти Владимир Зеленский 18-майда Римде АКШнын вице-президенти Жэй Ди Вэнс жана мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен жолукту жана сүйлөшүү 40 минутага жакын созулду. Бул алардын жыл башында Вашингтондо Ак үйдөгү кайым айтыштан кийинки алгачкы жолугушуусу болуп калды.
Зеленский жолугушуу жакшы өткөнүн билдирди. Ал Вашингтондун өкүлдөрү менен Стамбулда 16-майдагы украин-орус сүйлөшүүсүн талкуулаганын маалымдады. Украин лидери бул сүйлөшүүгө Орусия "чечим кабыл алууга ыйгарым укугун жок төмөнкү деңгээлдеги делегацияны" жөнөткөнүн айтты.
Ал телеграм каналына "мен Украинанын чыныгы дипломатияга даярдыгын бекемдедим жана ок атышууну эч кандай шартсыз жана чукул токтотуунун маанилүүлүгүн белгиледим", -деп жазды. Зеленский Вэнс жана Рубио менен туткундарды алмашуунун келечеги, Орусига каршы жаңы санкцияларды салуунуну талкуулаганын кошумчалады.
Ватиканда 18-майда Рим католик чиркөөсүнүн жаңы башчысы Леон XIVтү такка отургузуу жөрөлгөсү өтүп, ал расмий кызматка киришкен. Иш-чарага бир катар дүйнө лидерлери келген.
Стамбулда жума күнү Орусия менен Украинанын 2022-жылдан берки алгачкы бетме-бет сүйлөшүүсүнүн биринчи айлампасы өткөн. Эки саатка жакын болгон жолугушууда тараптар миңден туткун алмашууну гана макулдашкан.
Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Марко Рубио АКШнын президенти Дональд Трамп менен Орусиянын лидери Владимир Путиндин көзмө-көз жолугушуусун уюштурууга даярдык көрүлүп жатканын билдирген. Анын алдында, бейшембиде Трамп Путин менен жеке жолукмайынча Украинадагы тынчтык орнотуу маселеси илгерилебей турганын айткан.
Дагы караңыз
Шерине