Казакстандын Башкы прокуратурасы оппозициялык журналист Айдос Садыковду өлтүрүүгө шектелген адмдарды суракка алуудан баш тартты. Бул тууралуу Казакстандын Башкы прокуратурасы Украинадан келген өтүнүчкө жөнөткөн каттагы жооптон белгилүү болду.
«Басё» Youtube-каналынын негиздөөчүлөрүнүн бири Садыков былтыр июнь айында киши колдуу болуп каза тапкан. Кол салуу маркум Казакстандан кеткенден кийин жашап жаткан Киевдин Шевченко районундагы үйүнүн жанында болгон. Журналист бир нече күндөн кийин ооруканада көз жумган.
Украин тергөөчүлөрү кылмышка Казакстандын эки жаранын Алтай Жаканбаев менен Мейрам Каратаев шектүү деп эсептейт.
Украин полициясы алар Садыковдун артынан аңдып жүрүп өлтүргөндөн кийин дароо өлкөдөн чыгып кетишкенин, Жаканбаевди териштирүү үчүн украин тарапка өткөрүп берүү өтүнүчүн Астана расмий түрдө четке какканын маалымдаган.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев окуя болгон күнү дипломаттарга жана күч кызматкерлерине Киев менен байланышууну тапшырганын, казак мамлекеттик органдары «чындыкка жетүүгө жардам берүү үчүн тергөөгө катышууга даяр» экенин айткан. 2014-жылы Украинага көчүп барып, кийин ал жакта үй-бүлөсү менен башпаанек алган Садыковдун жубайынын айыптоолоруна комментарий берген эмес.
36 жаштагы Алтай Жаканбаев казак бийлигинин колуна өзү барып түшкөнү расмий маалымдалган. Ал эми 33 жаштагы Мейрам Каратаевге Киев эл аралык издөө жарыялаган.
Казакстандын бийлиги Жаканбаевди Украинага өткөрүп бербесин билдирген.
Маркумдун жесири Наталья Садыкова социалдык тармактардагы баракчасына жазгандай, украиналык тергөөчүлөр казакстандык кесиптештеринен Жаканбаевге «кылмышка шектүү» деген макам берүүнү жана суракка алууну өтүнгөн. Бирок Казакстандын Башкы прокуратурасы «далил базасы жетиштүү эмес» деген жүйө менен андан баш тарткан.
Казакстандын прокурорлору Киевден Жаканбев менен Каратаевдин Садыковду өлтүрүүгө тиешесин далилдеген маалыматты эки жолу сурашканын, жооп келбегенин билдирген.
Садыков Казакстанда 2010-жылдан бери оппозициялык «Азат» партиясынын Актөбө аймактык бөлүмүн жетектеп келген. Ал мурдагы жана азыркы казак бийлигин сындаган материалдарды жарыялап жүрчү. Президент Токаевди "орусиячыл саясатчы" деп сындаган. Садыков негиздеген YouTube каналдын миллиондон ашуун катталуучусу бар.
Шерине