Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:26

Хаменеи: Вашингтондун уран байытууга тыюу салуу талабы “чоң ката"


Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи
Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи

Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи Тегерандын атомдук программасы боюнча АКШ менен жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдөн күмөн санаганын айтып, Вашингтон уран байытууга тыюу салууну талап кылуу менен “чоң ката кетиргенин” билдирди.

Мурдагы президент Эбрахим Раисинин тик учак кырсыгында каза болгонунун бир жылдыгын эскерген иш-чарада сүйлөгөн Хаменеи Кошмо Штаттар менен сүйлөшүүлөр жемиштүү болот деп эсептебесин белгиледи.

Ал АКШнын соңку билдирүүлөрүнө, анын ичинде президент Дональд Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткоффтун өткөн аптада айткандарына көңүл бурду. Вашингтон тараптардын макулдашуусуна Тегеран "уран байытуудан баш тартат" деген шарт киргизүүнү талап кылган. Байытылган уран өзөктүк курал жасоодо колодонулушу мүмкүн.

Хаменеи Иран “эч кимден эч нерсеге уруксат сурабасын” белгилеп, “Ислам жумуриятынын өз саясаты бардыгын, уран байытууну талкуулоо сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинде турбаганын” кошумчалады.

Тегеран атомдук программасы тынчтык максатын гана көздөрүн айтып келатканы менен былтыр өкмөттөгү расмий адамдар Израил тараптан чабуулга кабылып же коркунуч жаралса, өлкө “ядролук доктринасын өзгөртүшү ыктымал” деп билдирген.

АКШ менен Ирандын кыйыр жолугушуулары апрелден бери жүрүп келет. Эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелери жок болгондуктан, тараптар арачылар аркылуу сүйлөшүүдө.

Катышуучулардын айткандарына караганда, Ирандын уран байытуу маселеси дагы деле мунаса табуу жолундагы негизги тоскоолдук бойдон калууда.

АКШнын атайын чабарманы Стив Уиткофф буга чейин Вашингтон Тегеран уран байытууну токтотууга тийиш деген принципиалдуу позицияда экенин билдирген.


Шерине

XS
SM
MD
LG