Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Орусияга барганы жаткан чет элдиктерге эреже 30-июндан тартып дагы катаалдайт


Буга чейин мигранттар Орусиянын чек арасынан кире албай артка кайтарылган учурлар болгон. Архивдик сүрөт.
Буга чейин мигранттар Орусиянын чек арасынан кире албай артка кайтарылган учурлар болгон. Архивдик сүрөт.

Ушул жылдын 30-июнунан тартып Орусияга киргени жаткан чет өлкөлүктөргө, анын ичинде кыргыз жарандарына эреже-шарт дагы катаалдайт. Ага ылайык, Орусияга барам деген чет элдик 72 сааттан кечиктирбестен бул өлкөлөгө келген, жүргөн себебин, максатын көрсөтүп, атайын мобилдик тиркемеге арыз калтырышы керек.

Шашылыш дарылануу керек болсо же жакындарынын өлүмү өңдүү чукул жагдайларда аны ырастаган документтер менен бул тиркеме аркылуу төрт сааттан кечиктирбестен кабарлашы зарыл. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады жана жарандарды жаңы эрежелер менен алдын ала таанышып алууга чакырды.

"Азыркы учурда чет өлкөлүктөр үчүн “Госуслуги” тиркемесинин аналогу боло турган “RuID” тиркемеси иштелип жатат. Орусиянын аймагына кирүү үчүн чет өлкөлүк жарандын тиркеме аркылуу арыз берүүсү биринчи кезекте ал жаран тууралуу маалыматтардын топтомун камтыган санариптик профилди түзүү үчүн зарыл. Мындай профилдин болушу келечекте анын мамлекеттик кызматтарды алууда мамлекеттик органдар жана уюмдар менен электрондук формада өз ара байланышын камсыз кылат. Орусиянын мыйзамдарында, эгер чет өлкөлүк жаран тиркеме аркылуу арыз бербесе ал аны чек арадан өткөрүүдөн баш тартууга негиз катары каралбайт. Ошол эле учурда чет өлкөлүк жаранды Орусиянын аймагына киргизүү тууралуу чечим өткөрмө бекетттерде кабыл алынат",-деп жазылган маалыматта.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Бишкекте 18-майда Орусиянын Мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володин менен жолукканда миграция маселелерин дагы көтөргөн. Анда расмий Москваны "Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕЭАБ) мүчөлүгүн жана негизги өнөктөш өлкө экенин эске алып, кыргызстандыктарга жеңилдиктерди жана айрым миграциялык маселелерде артыкчылыктарды берүү зарыл экенин" айткан.

Бул сунуштарга Володиндин реакциясы кандай болгону тууралуу маалымат берилген эмес.

2024-жылы Москвада “Крокус Сити Холлдо” кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталып, кармалган.

Расмий Москва ошондон бери мигранттарга талап-эрежелерди кыйла катаалдатып, аларга каршы мыйзамдар кабыл алынып жатат.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, 2025-жылдын январына карата 608 миң 88 кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөт. Анын ичинен 376 миң 907 адам Орусияда миграциялык каттоого алынган. Буга чейин мигранттар, анын ичинде Кыргызстандын дагы жарандары Орусиянын чек арасынан кире албай артка кайтарылган учурлар болгон.


Шерине

XS
SM
MD
LG