Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:22

Трамп Киев менен Москва ок атышууну токтотуу тууралуу "токтоосуз" сүйлөшөрүн билдирди


Трамп Ак үйгө кайтып келгенден бери Украинадагы согушту токтотуу аракетин көрөрүн айтып келатат.
Трамп Ак үйгө кайтып келгенден бери Украинадагы согушту токтотуу аракетин көрөрүн айтып келатат.

АКШнын президенти Дональд Трамп кызматка киришкенден бери Орусиянын лидери Владимир Путин менен телефондон үчүнчү жолу сүйлөштү. Өзүнүн Truth Social социалдык тармагына соңку баарлашууну "эң мыкты" деп баалады жана Москва менен Киев ок атышууну токтотуу, элдешүү тууралуу "токтоосуз" сүйлөшөт деп жазды.

"Жаңы эле Орусиянын президенти Владимир Путин менен менин эки сааттык сүйлөшүүм аяктады. Мен ал жакшы өттү деп эсептейм. Орусия менен Украина ок атышууну, андан дагы маанилүүсү, согушту токтотуу тууралуу токтоосуз сүйлөшүү жүргүзөт. Анын шарттарын эки мамлекет талкуулашы керек, анткени сүйлөшүүнүн башкалар билбеген чоо-жайын алар гана билишет",-деп жазды Трамп.

Өз кезегинде Путин бул сүйлөшүү тууралуу комментарий берип жатып Киев менен "Украинага байланыштуу болочоктогу тынчтык келишими тууралуу меморандумдун" үстүнөн иштөөгө даярдыгын билдирди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский болсо Орусия эгер согушту дагы созо турган болсо, тынчтык келишимине жетүү үчүн кабыл алгыс шарттарды койсо ага карата санкциялык басымды дагы күчөтүүгө чакырды.

Өткөн аптанын этегинде Стамбул шаарында согуш башталган үч жылдан берки алгачкы орус-украин бетме-бет сүйлөшүүсү өткөн. Бирок анын жүрүшүндө ок атышууну токтотуу макулдашылган жок, Украина Орусияны "аткарылгыс талаптарды коюп жатат" деп айыптаган.

Буга чейин Трамп Путин менен жолукмайынча тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн эч кандай натыйжа болбой турганын айткан.

Кошмо Штаттарынын президенти Ак үйгө кайтып келгенден бери Украинадагы согушту токтотуу аракетин көрөрүн айтып келатат.


Шерине

XS
SM
MD
LG