Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Бишкекте 18-майда Орусиянын мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володин менен жолукту. Парламенттин басма сөз кызматынын билдиришинче, анда тараптар өз ара алака-катышты, кызматташууну дагы өнүктүрүүнү талкуулашты. Анда миграция маселелери тууралуу дагы сөз болду.
"Миграциялык жагдайга да токтолгон Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕЭАБ) мүчөлүгүн жана негизги өнөктөш өлкө экенин эске алып, кыргызстандыктарга жеңилдиктерди жана айрым миграциялык маселелерде артыкчылыктарды берүү зарыл экенин кошумчалады. Айрыкча эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо жана мыйзамсыз көрүнүштөргө каршы биргелешип күрөшүү жаатындагы сунуштарын айтты",-деп жазылган маалыматта.
Бул сунуштарга Володиндин реакциясы кандай болгону тууралуу маалымат берилген жок.
2024-жылы Москвада “Крокус Сити Холлдо” кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталып, кармалган.
Расмий Москва ошондон бери мигранттарга талап-эрежелерди кыйла катаалдатып, аларга каршы мыйзамдар кабыл алынып жатат.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, 2025-жылдын январына карата 608 миң 88 кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөт. Анын ичинен 376 миң 907 адам Орусияда миграциялык каттоого алынган. Буга чейин Кыргызстандын жарандары Орусиянын чек арасынан кире албай артка кайтарылган учурлар болгон.
Бишкекте 19-майда Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын жыйыны өтөт.