Бишкек менен Чүйдү газдаштыруу үчүн жеңилдетилген насыя берүү башталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Энергетика министрлиги Бишкек шаары менен Чүй облусун газдаштыруу максатында жеңилдетилген насыя бериле баштаганын билдирди. Үчүнчү долбоордун алкагында быйыл 200 миллион сом каралган жана жарандар, юридикалык жактар жана ишкерлер 150 миң сомго чейинки насыяны күрөөсүз бир же эки жылга чейинки мөөнөткө ала алат.

Жыл башында “Газпром Кыргызстан” ишканасынын директорунун орун басары Арзымат Алдаяров Бишкек менен Чүйдө 47 калктуу конуш газдаштырылганын билдирген.

Буга чейин аталган ишкана 2030-жылга чейин Кыргызстандын 60% газ жеткирилет деп маалымдап келген.

Кыргызстанды газ менен камсыз кылууну 2013-жылдан бери орусиялык “Газпром” ишканасы колго алган. Кыргыз-орус өкмөттөрүнүн келишимине ылайык компания Кыргызстандын аймактарына толугу менен газ түтүктөрүн орнотуп, бул багыттагы инфраструктураны өнүктүрүүгө беш жыл ичинде 20 млрд рубль жумшоону убада кылган. Бирок "Газпром" компаниясынын Кыргызстанды толугу менен газдаштыруу планы аткарылбай жатканы боюнча маселе утур-утур көтөрүлүп келет.

Өкмөт "Газпром" менен келишимди үзүү ниети жоктугун билдирген.

Дагы караңыз

Кылмыштарды каттоонун бирдиктүү реестри прокуратурадан ИИМге өттүBloomberg: Стамбулда Орусия Украинадан аймактарынан баш тартышын талап кылды Чукул кабар: аба ырайы кескин өзгөрөт, күн сууктап, катуу жамгыр, шамал болотӨКМ жоокерлерди мазактаган аскер кызматкери камакта экенин билдирдиУкраинадагы согушта мерт болгон 108 миңден ашык орусиялыктын тек-жайы такталдыКыргызстан менен Тажикстандын министрлери автобус каттамын жандантууну сүйлөштү