Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:54

Украинадагы согушта мерт болгон 108 миңден ашык орусиялыктын тек-жайы такталды


Орус аскер кызматкерлеринин мүрзөлөрү, архивдик сүрөт.
Орус аскер кызматкерлеринин мүрзөлөрү, архивдик сүрөт.

Орусия Украинага кол салып, бастырып киргенден бери кеминде 108 608 орусиялык жаран мерт болду. Мындай маалыматты Би-Би-Си менен "Медиазона" басылмасы ачык булактарга таянып чогуу аныктап чыкты.

Ага ылайык, набыт болгондордун 5 миңден көбү офицерлер, алардын арасында 10 генерал бар, 500дөн көп кишинин полковник, подполковник наамы болгон.

Иликтөөнүн авторлору учурда алардын колунда такталып жаткан дагы миңдеген билдирүү бар экенин маалымдап келишкен. Бул статистикага орусиячыл жикчилдер арасындагы жоготуу кирбейт. Ошондой эле согушта өлгөнү же дайынсыз жоголгону тууралуу ачык айтылбаган учурлар кошулбайт.

Буга чейин "Азаттык" бул согушта теги кыргызстандык кеминде 70 киши набыт болгонун аныктаган. Алардын 38и Кыргызстандын жараны. Калганы теги кыргызстандыктар. 10 адамдын колунда эки өлкөнүн тең паспорту болгон.

Иликтөөчү журналисттер согушта ажал тапкандардын аты-жөнүн, тек-жайын жергиликтүү бийликтердин айткандары, маркумдардын жакындары бөлүшкөн кабарлар, көрүстөндөр өңдүү ачык булактардан алынган маалыматтын негизинде тактап келет. Алар реалдуу сан кеминде мындан кеминде эки эсеге көп экенин белгилешет.

"Медиазонанын" божомолунда, Орусия кеминде 165 миңден көп адамынан айрылды.

UAlosses долбоорунун командасынын эсебинде, Украина бери дегенде 127 миңден ашык жоокерин жоготту, алардын арасында дайыны табылбай жаткандар да бар.

Москва менен Киев уруштагы жоготууларын ачыкка чыгарбайт. Согушкан тараптар адатта өз жоготууларын азайтып, душмандыкын көбөйтүп көрсөткөнгө аракет кылат.


Шерине

XS
SM
MD
LG