Президент Садыр Жапаров 16-майда “Укук бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү маселелери жөнүндө” жарлыкка кол койду. Ага ылайык, бул система Башкы прокуратурадан Ички иштер министрлигине берилди.
Министрлер кабинетине буга байланыштуу бир жуманын ичинде Жогорку Кеңешке тиешелүү укуктук актылардын долбоорун киргизүүнү тапшырды.
Жарлыкта мындай өзгөрүү “мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттик органдардын ишин оптималдаштыруу максатында” жасалганы белгиленген.
Өлкөдө кылмыштардын жана тартип бузуулардын бирдиктүү реестри 2018-жылдан тарта киргизилген жана аны көзөмөлдөө Башкы прокуратурага берилген.
Ошол кездеги бийлик өкүлдөрү бул система тергөөчүлөр менен укук коргоо органдарына гана эмес, катардагы жарандарга да арыздын каралышы, тергөөнүн жүрүшү, сотто кабыл алынган чечим тууралуу маалыматтарды көрүүгө мүмкүнчүлүк берерин айтышкан.