Кадамжайда көмүр шахтасында бир адам газга ууланып мерт болду

ӨКМ жарыялаган сүрөт.

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы Боз айылынын тоосунда көмүр карьерине өз алдынча көмүр казууга кирип кеткен бир жаран газга ууланып мерт болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аларга кырсык тууралуу 20-майда маалымат түшкөнүн, жерине алты куткаруучу барып, ал жарандын сөөгүн 90 метр тереңдиктен алып чыгышканын кабарлады.

Мерт болгон жаран, анын тек-жайы тууралуу толук маалымат берилген жок.

Кыргызстандын бир катар аймактарында, анын ичинде Баткенде бир канча көмүр шахталары жайгашкан. Буга чейин карьерлерде негизинен өз алдынча иштеп жатып газга ууланып, өмүрү кыйылган окуялар катталган.

Дагы караңыз

"Манас" аба майданынын FRU деген коду август айынан тартып BSZ болуп өзгөрөтЧачыранды алтынга байланыштуу 96 лицензия берилген, 10 фирма иштеп жатат Журналист Абдувахаб Мониевге арналган эскерүү китеби жарык көрдү  Зеленский Орусия басып алган аймактардан украин аскерлери чыгарылбасын айтты Орусияга барганы жаткан чет элдиктерге эреже 30-июндан тартып дагы катаалдайт Трамп Киев менен Москва ок атышууну токтотуу тууралуу "токтоосуз" сүйлөшөрүн билдирди Садыр Жапаров Венгрияда түрк мамлекеттеринин башчыларынын бейрасмий саммитине катышатУКМК: Бангладештин жараны Кыргызстандын жасалма визасын даярдоого шек саналып кармалды