Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия өзүнө каратып, формалдуу түрдө курамына кошуп алган Украинанын аймактарынан аскерлери чыгарылбасын билдирди. Ал бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп менен телефон сүйлөшүүсүнө комментарий берип жатып билдирди. Зеленский ошондой эле Орусиянын президенти Владимир Путин сөз кылган "тынчтык келишими тууралуу меморандумдун" чоо-жайы жөнүндө кабары жоктугун кошумчалады.
"Эгер Орусия өзүбүздүн жерибизден өзүбүздүн аскерлерди чыгарып кетүү тууралуу шарт кое турган болсо, демек, алар тынчтык келишими болушун, согуштун токтошун каалабаганын билдирет. Бул биздин жерибиз, биздин мамлекетибиз, биздин армиябыз, биздин эгемендигибиз. Маселе Украина эмнеге макул боло алат жана эмнеге макул боло албайт дегенде турат. Өз аймагыбыздан өз аскерлерибизди эч ким чыгарбайт. Бул менин конституциялык милдетим, эгемендикти, өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн коргоо биздин аскерлердин милдети",-деди украин президенти.
Дональд Трамп 19-майда Украинадагы кан төгүүнү токтотуу аракеттеринин алкагында украин лидери Владимир Зеленский жана орус мамлекет башчысы Владимир Путин менен өз өзүнчө телефондон сүйлөшкөн. Өзүнүн Truth Social социалдык тармагына Путин менен соңку баарлашууну "эң мыкты" деп баалап, Москва менен Киев ок атышууну токтотуу, элдешүү тууралуу "токтоосуз" сүйлөшөт деп жазган.
Өз кезегинде Путин бул сүйлөшүү тууралуу комментарий берип жатып Киев менен "Украинага байланыштуу болочоктогу тынчтык келишими тууралуу меморандумдун" үстүнөн иштөөгө даярдыгын билдирген.
Өткөн аптанын этегинде Стамбул шаарында согуш башталган үч жылдан берки алгачкы орус-украин бетме-бет сүйлөшүүсү өткөн. Бирок анын жүрүшүндө ок атышууну токтотуу макулдашылган эмес, Украина Орусияны "аткарылгыс талаптарды коюп жатат" деп айыптаган.
Bloomberg басылмасы Стамбулда Орусия Украинадан аймактарынан баш тартышын талап кылганын жазган. Өз булактарына шилтеме кылып аталган басылма аннексияланган Крым жарым аралы жана Орусия жарым-жартылай оккупациялап алган Украинанын төрт облусу эл аралык деңгээлде Орусияныкы деп таанылышы керектигин талап кылып жатканын билдирген.
Буга чейин Трамп Путин менен жолукмайынча тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн эч кандай натыйжа болбой турганын айткан.
Кошмо Штаттарынын президенти Ак үйгө кайтып келгенден бери Украинадагы согушту токтотуу аракетин көрөрүн айтып келатат.