Президент Садыр Жапаров Венгрияда Түрк мамлекеттери уюмунун лидерлеринин бейформал саммитине катышат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди. Ага ылайык, иш-чара 20-21-май күндөрү Будапешт шаарында өтөт.
"Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитине катышуу үчүн Будапештке иш сапары менен барат. Уюмдун байкоочу өлкөсү - Венгрияда биринчи жолу өткөрүлө турган бейформал жолугушуунун темасы "Чыгыш менен Батыштын жолугушуу жери" деп аталат",-деп жазылган маалыматта.
Былтыр ноябрда Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун 11-саммити өткөн. Ал жыйын “Түрк дүйнөсү: экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, баары үчүн санарип келечек жана коопсуздук” деген аталышта болгон.
2009-жылы 3-октябрда Азербайжандын Нахичеван шаарында өткөн жыйында Түрк кеңеши түзүлгөн. Башында Азербайжан, Түркия, Казакстан жана Кыргызстан түзгөн бул уюмга 2019-жылы Өзбекстан кошулган. 2021-жылы 12-ноябрда Стамбулда өткөн саммитте бирикме Түрк мамлекеттер уюму деп аталган. 2018-жылдан бери Венгрия, 2021-жылдан бери Түркмөнстан уюмдун ишине байкоочу катары катышып келет.