Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Бангладештин Х.М.М аттуу жараны мекендештерине Кыргызстандын жасалма визасын, уруксат берүүчү документтерди даярдап берип жүргөнүн билдирди. Бул максатта быйыл жыл башында жердештеринен 66,5 миң доллар алганы аныкталганын кабарлады.
"Февраль айында Х.М.М. Кыргызстанда мигранттарды легалдаштыруу үчүн 66 500 доллар алып, жасалма уруксат берүүчү документтерди жасап, мекендештерине жөнөткөн. Тинтүү иштеринин натыйжасында Бангладеш жарандарынын уруксат берүү мөөнөтү өтүп кеткен 120дан ашык паспорту, ошондой эле жасалма документтердин электрондук көчүрмөлөрү сакталган ноутбук табылган. Ал жаран Жаза аткаруу кызматынын №21 мекемесине киргизилди жана учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жүрүп жатат. УКМК бардык чет өлкөлүктөрдү жана уюмдарды тиешелүү уруксат кагаздарын алуу маселелери боюнча Тышкы иштер министрлигинин электрондук порталына гана кайрылууга чакырат",-деп жазылган УКМК тараткан маалыматта.
УКМ мунун алдында Бишкек шаарында мыйзамсыз миграцияны уюштурган деген шек менен чет өлкөлүк эки жаран кармалганын билдирген. Тергеп-иликтөөнүн жүрүшүндө алар борбордогу курулуш объекттеринин бирине 46 чет өлкөлүктү ишке мыйзамсыз орноштурганы аныкталганын жарыялаган. Атайын кызмат камалгандар жана мыйзамсыз иштеп жүргөн дегендер кайсы өлкөнүн жарандары экенин тактаган эмес.
Ушул айдын башында Бишкек милициясы "Нелегал" деп аталган операциянын алкагында Кыргызстанга чет өлкөлүк жарандарды алып келип жумушка орноштурууда 800гө жакын мыйзам бузуу аныкталып, 3 миллион 615 миң 500 сомго административдик протокол түзүлгөн билдирген.
Анын алдында УКМК борбор калаадагы тигүү цехтеринин бири 27 чет элдик жаран мыйзамсыз иштетип жүргөнү аныкталганын кабарлаган.
Кыргызстанда соңку жылдары Индиядан, Пакистандан, Бангладештен келген эмгек мигранттары көбөйдү. Алардын көпчүлүгү курулуш, тейлөө жана тигүү цехтеринде эмгектенет.
Министрлер кабинети 2024-жылга чет элдик жарандарга Кыргызстанга келип иштөөгө 25 миң квота бекитип берген. Эмгек, социалдык кымсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, анын үч миңи пайдаланылган эмес.
Мындан сырткары Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 70 миңден ашык чет элдик студент билим алат.