Бишкекте катуу шамалда аянттагы желек айрылып, 23 бак кулады

Бишкек, архивдик сүрөт.

Бишкек шаардык мэриясынан билдиришкендей, 18-майга караган түнү катуу шамалда Ала-Тоо аянтындагы желек айрылып, ал жарым сааттын ичинде жаңысына алмаштырылды.

Жалпысынан 23 бак кулады, дагы 50дөйүнүн бутактары сынды. Анын кесепетинен машиналар, турак жайлардын чатырлары жабыркады. Мэриядан жер-жерлерде авариялык бригадалар иштеп жатканын кабарлашты.

Мунун алдында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул кабар тараткан. Анда аптаптуу ысык күндөрдөн кийин аба ырайы кескин өзгөрөрүн билдирген. Аймактарда маал-маалы менен жамгыр жаап, айрым региондордо күчөп, катуу шамал болорун эскерткен.

Дагы караңыз

Ватиканда Рим папасы Леон XIVтү такка отургузуу жөрөлгөсү өттү Al-Hadath: Газада ХАМАСтын лидери Мухаммед Синвардын сөөгү табылдыЧүй: машинанын багажына кызды күчтөп жүктөп бараткан эки жаран камалды Кыргызстанда 1400дөн ашык аял "Баатыр эне" орденин алды Испания Израилдин Газадагы аракеттеринен улам БУУнун эл аралык сотуна кайрылатРубио: Трамптын Путин менен көзмө-көз сүйлөшүүсүнө даярдык жүрүп жататСот камакка алган мүлктөрдү онлайн аукциондо сатуу башталды