Al-Hadath: Газада ХАМАСтын лидери Мухаммед Синвардын сөөгү табылды

Шейшемби күнү Израилдин армиясы Хан-Юнистеги ооруканага сокку урган.

Израилдин чабуулдарында мерт болгон Газа тилкесиндеги АКШ менен Европа Биримдиги террордук уюм деп тааныган ХАМАСтын лидерлеринин бири Мухаммед Синвардын сөөгү табылды. Бул тууралуу Сауд Арабиядагы Al-Hadath телеканалы өз булактарына шилтеме кылып кабарлады. Маалыматка караганда, анын сөөгү Хан-Юнис районундагы тоннелде табылган.

Аны менен кошо ондой жардамчысынын дагы сөөгү табылды.

ХАМАС бул билдирүү тууралуу азырынча комментарий бере элек. Израил дагы Синвардын өлүмүн ырастаган жок.

Шейшемби күнү Израилдин армиясы Хан-Юнистеги ооруканага сокку урган. The Times of Israel басылмасы анын башкы максаты Мухаммед Синварды жок кылуу болгонун жазган. ЦАХАЛ муну бышыктаган же төгүнгө чыгарган эмес.

Мухаммед Синвар ХАМАСтын мурдагы башчысы Яхья Синвардын кичүү иниси.

Яхья Синвар былтыр августта ХАМАСтын саясий канатынын лидери болуп дайындалган. Ага чейин бул милдетти аркалаган Исмаил Хания 31-июлда Тегеранда жок кылынган.

Яхья Синвар 2023-жылы 7-октябрдагы Израилге кол салуулардын уюштуруучусу деп аталып келген. Израилдин армиясы былтыр октябрда ал өлтүрүлгөнүн билдирген.

Дагы караңыз

Кыргызстанда 1400дөн ашык аял "Баатыр эне" орденин алды Испания Израилдин Газадагы аракеттеринен улам БУУнун эл аралык сотуна кайрылатРубио: Трамптын Путин менен көзмө-көз сүйлөшүүсүнө даярдык жүрүп жататСот камакка алган мүлктөрдү онлайн аукциондо сатуу башталды Eurovision-2025: австриялык ырчы Базелдеги сынакта жеңүүчү болдуNBC News: Ак үй палестиндерди Ливияга көчүрүүнү караштырып жататИзраил Газада ири чабуул баштаганын жарыялады