Кыргызстанда жети жана андан ашык бала төрөгөн 1413 аял "Баатыр эне" ордени, ал эми алты балалуу 1232 келин "Эне даңкы" медалы менен сыйланды. Мындай жарлыктарга президент Садыр Жапаров 17-майда кол койду.
Былтыр ноябрда Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев тоолуу, шарты катаал аймактарда мындан ары жети балалуу болгондорго 1 миллион сомдон, ал эми тогузунчусун жарык дүйнөгө алып келгендерге 1,5 миллион, онунчу баласы төрөлгөндөргө 2 миллион сом берилерин билдирген.
Кыргызстанда жети жана андан көп балалуу энелерге "Баатыр эне" наамы ыйгарылат.
1992-жылдан бүгүнкү күнгө чейин “Баатыр эне” орденин алгандардын саны 40 миңге жакындады. Алардын арасында пенсия алууга укугу жок болгондуктан социалдык жөлөк пул гана алгандар бар. Жогорку Кеңеште алардын жөлөк пулун көбөйтүү маселеси бир канча жолу көтөрүлгөн.
Өлкөдө жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленет жана бул ирет 18-майга туш келди.
Кыргызстанда калктын саны 7 миллиондон ашкан.