Испания Израилдин Газадагы аракеттеринен улам БУУнун эл аралык сотуна кайрылат

Израил ишембиде ХАМАС кыймылына каршы ири чабуул башталганын билдирген.

Испания Израилдин Газа тилкесиндеги аракеттерин текшерүү тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Эл аралык сотуна кайрылат. El País басылмасы бул тууралуу ишембиде өлкөнүн премьер-министри Педро Санчес Араб өлкөлөрүнүн лигасынын Багдаддагы саммитинде билдиргенин жазды.

Ага ылайык, Мадрид сотто Тель-Авив Газага гуманитардык жардамдын жетишине байланыштуу эл аралык милдеттемелерди аткарып жатышына баа берүүнү, Израилдин бул тилкедеги аракеттеринин жоопкерчилиги жөнүндө чечим чыгарууну өтүнөт.

Санчес Израилдин Газадагы аракеттерин “калайман кыргын” деп атады жана дүйнө лидерлерин Тель-Авивге басымды күчөтүүгө чакырды.

Былтыр күзүндө БУУнун Эл аралык кылмыш соту Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну адамзатына каршы кылмыш жасоого айыптап, аны камакка алуу тууралуу чечим чыгарган. Нетаньяху дооматтарды четке каккан.

Израилдин армиясы ишембиде Газа тилкесинде АКШ менен Европа Биримдиги террордук деп тааныган ХАМАС кыймылына каршы ири чабуул башталганын билдирген.

Би-Би-Си “Гедеондун арабасы” деп аталган операциянын максаты туткундардын баарын бошотуу, тилкедеги стратегиялык райондордун баарын ээлеп алуу экени айтылганын жазган.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Жарандык коргонуу жана саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, бейшемби күндөн берки соккуларда жалпы 250дөн ашык дамдын өмүрү кыйылды.

Израил март айында эки айлык ок атышууну токтотуу келишими үзгүлтүккө учурагандан кийин Газаны блокадада калтырган.

АКШнын президенти Дональд Трамп тилкеде көптөгөн адам ачкачылыкка кабылганын 16-майда айткан.

Ок атышууну токтотуу келишими бузулгандан бери Газага дээрлик күн сайын сокку урулууда. Андан тышкары аймактагы 2 миллионго чукул адамга гуманитардык жардам, анын ичинде азык-түлүк, дары-дармек киргизилбей калды.

Согуш 2023-жылдын 7-октябрында "хамасчылар" Израилдин түштүгүнө кол салып, 1200дөй адамды өлтүрүп, 250 кишини барымтага алгандан кийин башталган.

Барымтадагылардын көбү ок атышууну токтотуу келишимдеринин жана башка сүйлөшүүлөрдүн негизинде бошотулган. Бирок ХАМАС дагы эле 59 кишини туткунда кармап турат жана алардын айрымдары мерт болгон болушу мүмкүн.

Израилдин жооп иретинде баштаган аскердик чабуулдарынан 52 миңден ашуун газалык каза болгонун тилкенин Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирди.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху барымтадагы бардык адамдар бошотулмайынча жана ХАМАС толук талкаланып же куралдарын таштап, аймактан чыгып кетмейинче согушту уланта берерин айтты.

ХАМАС Израилден палестин туткундарын бошотууну, ок атышууну толук токтотуп, аскерлерин Газадан толук чыгарып кетүүсүн талап кылып келет.


Дагы караңыз

Рубио: Трамптын Путин менен көзмө-көз сүйлөшүүсүнө даярдык жүрүп жататСот камакка алган мүлктөрдү онлайн аукциондо сатуу башталды Бишкекте өзбекстандык студент кызды сүзүп кеткен айдоочу камалды Сумы: жүргүнчү ташыган автобуска урган Орусиянын соккусунан тогуз киши мерт болду NBC News: Ак үй палестиндерди Ливияга көчүрүүнү караштырып жататИзраил Газада ири чабуул баштаганын жарыяладыСалман Рушдиге кол салган жаран 25 жылга соттолдуБишкек менен Чүйдү газдаштыруу үчүн жеңилдетилген насыя берүү башталдыBloomberg: Стамбулда Орусия Украинадан аймактарынан баш тартышын талап кылды