Бириккен Улуттур Уюму сегиз жылга абакка кесилген тажикстандык журналист Рухшона Хакимова боюнча камтамачылыгын билдирди. Уюм тараткан маалыматта Хакимова журналисттик ишмердүүлүгү үчүн камалганы айтылат. Бул тууралуу "Озоди" радиосу жазды.
"Рухшона Хакимованын соту эл аралык адилет соттун стандарттарына жооп берген жок. Бул жагдай анын кайсы бир кылмыш жасаганы үчүн эмес журналисттик иши үчүн камалды деген шектенүүнү жаратпай койбойт",- деди уюмдун өкүлү Мэри Лоулор.
БУУнун өкүлү тажик бийлигин тез арада журналистти абактан бошотуп, ишин акыйкат караган сот жараянын уюштурууга чакырды.
31 жаштагы Рухшона Хакимованын сегиз жылга эркинен ажыратылышы тажик коомун сестентти. Ал өкүм угузулгандан кийин дароо камакка алынган. Хакимова "мамлекеттик чыккынчылыкка" айыпталды. Бул өзгөчө оор кылмыш болуп саналгандыктан, мыйзам боюнча, мындай берене менен соттолгондорго ырайым берилбейт.
Журналисттин айыптоолорду толугу менен четке какканын анын жакындары жана адвокаты билдиришкен.
Рухшона Хакимовага каршы кылмыш ишин козгоо былтыр июнда Тажикстанда белгилүү инсандардын тобуна каршы мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети боюнча чуулгандуу ишти тергөө учурунда башталган. Бул тууралуу маалымат каражаттары ноябрь айында гана жазып чыгышкан.
Белгилей кетсек, тажик бийлиги ишке "жашыруун" деген гриф койгон.
Айрым маалыматтарга караганда, кылмыш ишин козгоого журналисттин Кытайдын Тажикстанга тийгизген таасири тууралуу материалы себеп болгон. (AiA)