Түрк тилинин күнүнө карата Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда студенттер арасында түрк ырларынын сынагы өттү.
Анда Назима Жумакадырова "Сил баштан" аттуу ыры менен биринчи орунду жеңип алды. Экинчи орунду Нурсултан Сыртбаев "Сабрет" деген ыры менен ээледи. Рискелди Старбек "Бу геже өлүрүм" ыры менен 3-орунду алды. Жеңгендерге баалуу белек-бечкектер тапшырылды.
Иш-чараны Кыргызстанда 1996-жылдан тарта иш алып барып жаткан TTÖMER окутуу борбору уюштурду. Калыстар тобунун курамына Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин көркөм өнөр факультетинин окутуучулары кирди.
Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин билим берүү боюнча кеңешчи Күршат Дулкадирдын билдиришинче, Түркиянын Түрк тили билим берүү борборунун Борбор Азиядагы эң чоң курс борбору болуп саналат.
"Түркия менен Кыргызстандын ортосунда 1992-жылы билим берүү келишими түзүлгөн. TTÖMER 1996-жылы ишин баштаган. Жаштардын түрк тилине болгон кызыгуусу менен курстарыбызды көбөйттүк. Быйыл 8 миңге жакын студентке билим бердик", - деди Дулкадир.
Түркияда эне тил күнү 13-майда белгиленет.
Бишкекте түрк ырларынын сынагы өттү

Дагы караңыз
Шерине