Президент Садыр Жапаров 15-майда Догдургүл Кендирбаеваны агартуу, ал эми Бактияр Орозовду илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри кызматына дайындоо тууралуу жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу Президенттин администрациясы кабарлады.
Мамлекет башчы 12-майда Билим берүү жана илим министрлигин экиге бөлүү тууралуу чечим кабыл алган.
Ага ылайык, мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүү, баштапкы кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү функцияларды Агартуу министрлиги аткарат.
Илимий, илимий-техникалык жана инновациялык иш, орто, жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү, интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү милдеттер Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине жүктөлгөн.
Садыр Жапаров ошол эле күнү Кендирбаева менен Орозовду аталган министрликтердин жетекчисинин милдетин аткаруучу кылып дайындаган. Аларды кызматка дайындоого Жогорку Кеңеш 14-майдагы жыйынында макулдук берди. Талкуу маалында депутаттар жогорку окуу жайларындагы, мектептердеги билим берүүнүн сапаты, илимий изилдөөлөрдүн абалы, китеп таңкыстыгы, билим берүү тармагын реформалоо, оптималдаштыруу маселелерин көтөрүштү.
59 жаштагы Кендирбаева 2023-жылы ноябрдан бери билим берүү, илим министри болуп иштеп келген.
Ал эми 39 жаштагы Орозов буга чейин юстиция министринин орун басары болуп эмгектенип жаткан. Анын алдында билим берүү министринин орун басары болуп турган. (ErN)
Шерине