Өзбекстанда абакта жаткан каракалпак активисти, журналист Даулетмурат Тажимуратов ур-токмокко алынганы кабарланды. Бул тууралуу активисттин адвокаты Сергей Майоров билдиргенин "Адам укуктары боюнча Түркмөнстандагы Хельсинки фонду" уюму жарыялады.
Фонддун маалыматына караганда, Тажимуратов абакта Өзбекстандын гимнин ырдоодон баш тартканы үчүн сабалган.
Адвокат окуя 29-апрелде болгонун, ага активисттин жакындары майдын башында кабарлаганын айткан. Адвокаттын айтымында, "Өзбекстандын Навои районундагы колонияда жаткан Тажимуратовду абактагылар ур-токмокко алган". Ал эс-учун жоготкон абалда медициналык бөлүмгө жаткырылган.
Тажимуратов 2022-жылдын июнь айында Өзбекстандын Конституциясына киргизиле турган өзгөртүүлөргө каршы чыккандардын бири.
Каракалпакстан – Өзбекстандын батышындагы автономиялуу республика. 2022-жылдын июль айында Ташкенттин бул аймакты Өзбекстан курамындагы суверендүү республика макамынан ажыратуу планына каршы жапырт нааразычылык акциялары тутанган.
Өзбекстан бийлиги толкундоолорду күч менен баскан. Анда расмий маалыматтар боюнча 21 адам каза болгон. Акцияны уюштургандарга каршы кылмыш иштери козголуп, бир нече адам узак мөөнөткө эркинен ажыратылган. (AiA)
Шерине