Трамп Truth Social платформасына Путин менен эки саат сүйлөшкөнү "абдан ийгиликтүү" болгонун жазды. Америкалык лидердин сөзүнө караганда, Орусия менен Украина "ок атышууну, андан да маанилүү согушту ТОКТОТУУ тууралуу сүйлөшүүлөрдү тез арада баштайт. Алардын шарттарын эки тарап өздөрү талкуулашат".
Орусиянын маалымат каражаттарына Путин Ак үй менен сүйлөшкөнүн "өтө маңыздуу жана болушунча ачык-айкын болду" деп сыпаттап, ок атышууну токтотуу үчүн Москва алдын ала меморандум даярдай турганын айтты.
Трамп төрт ай мурун президенттик кызматка киришкенде Украинадагы урушту токтотуу анын тышкы саясатындагы эң башкы артыкчылык экенин белгилеген. Март айында 30 күндүк жарашууну сунуш кылып, аны бузган тарапка санкция саларын бир нече ирет эскерткен.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Ак үйдүн айтканын кабыл алса, Путин Киевдин алдына бир катар шарттарды коюп, америкалык лидердин сунушунан баш тарткан. Москва Орусиянын армиясы басып алган Украинанын аймактарынын аннексиясын таанууну, кошуна өлкөнүн толук демилитаризациясын жана нейтралдуу макамын талап кылган.
Трамп Кремлге телефон чалардан мурун Зеленский 30 күндүк жарашууну колдой турганын дагы бышыктаган.
"Украина адам өмүрүн сактоо жана дипломатияга зарыл жолду ачуу үчүн ок атышууну толук жана эч кандай шарт койбостон токтотууну талап кылат", - деп Зеленский 19-майда Х платформасына жазды.
Путин 30 күндүк жарашуу сунушун четке каккан соң америкалык лидер Орусияга санкция салуу тууралуу үн каткан жок. Анын ордуна Орусия менен келишим түзүлүп калса кандай пайдалуу болоруна токтолду.
"Бул "кандуу чакчалекей" токтогондо Орусия Кошмо Штаттар менен ар тараптан СООДА жүргүзгүсү келет. Мен аны туура көрөм. Орусиянын жумуш орундарын түзүүгө опол тоодой мүмкүнчүлүгү жана байлыгы бар. Анын потенциалы ТҮГӨНГҮС", - деп жазды.
Америкалык сенатор Линдси Грэм (Түштүк Каролинадан шайланган республикачыл саясатчы) согушту токтотууга моюн толгогону үчүн Орусияны жазалоону караган мыйзам долбоорун өткөн айда киргизген. Батыштагы эксперттер санкцияларды күчөтүү менен Трамп Путинди сүйлөшүүгө мажбурлай алат деп санашат.
Орусиянын ансыз дагы алдан тайып турган экономикасы санкциялардын дагы бир айлампасына туруштук бериши талаштуу суроо. Capital Economics 16-майда жарыялагандай, биринчи кварталда орус экономикасынын өсүү ыргагы кескин солгундагандыктан санкциянын кесепети "оңдурбай салышы" ыктымал.
Трамп менен сүйлөшкөндөн кийин Путин орус медиасына "кризистин түп-тамырын жок кылууну" кайталап, НАТОнун кеңейишине жана Украинанын аскердик альянска кошулуусуна жол бербөөнү ишара кылды.
"Тынчтыкка жетүүнүн майнаптуу жолдорун аныктоо гана керек", - деди Путин.
Америка-немис институтунун илимий кызматкери Стефон Кинингер эки лидердин сүйлөшүүсүнөн эч бир натыйжа деле чыкпаганын белгилейт.
"Орусиянын позициясында кандайдыр бир өзгөрүү бардыгынын эч бир белгиси сезилбейт" - деди Кинингер "Азаттык" радиосунун журналисттерине.
Эксперттер белгилегендей, Путин азыр ок атышууну токтотууга кызыкдар эмес. Анткени орус армиясы фронтто демилгени колго алып, алдына койгон башкы максаттарына жетти.
Анткен менен Орусия согуш баштагандан берки дээрлик 40 айда Украинанын чыгышындагы Луганск, Донецк, Запорожье жана Херсон облустарын толук өз көзөмөлүнө ала алган жок.
Эки жак жарашкан күндө дагы Украина көз каранды эмес жана мыкты куралданган мамлекет бойдон калат.
Стамбулдагы жолугушуулар
Трамп Путин менен телефондон сүйлөшөрүн Стамбулда орус жана украин делегацияларынын бетме-бет сүйлөшүүсүнөн кийин жарыялады. Үч жылдан бери Москва менен Киевдин өкүлдөрү алгач ирет жолугушту.
"Сүйлөшүүнүн темасы "кандуу кыргынды" токтотууга багытталат" , - деп Трамп социалдык платформасына жазган. "Бул күн үзүрүн берип, ок атышуу токтоп, каардуу согуш акыры бүтөт".
Стамбулдагы сүйлөшүүлөр, анын ичинде Вашингтондун делегациясы менен өзүнчө жолугушуулар, 1000ден туткун айырбаштоону макулдашуу менен гана аяктаган. Тилекке каршы, эки тарап ок атууну токтотуу тууралуу бир пикирге келбегендиктен өткөн дем алыш күндөрү Украина жапырт дрон чабуулуна кабылганын Киев билдирди.
Маалыматтарга караганда, Москванын делегациясы Киевге төрт облустан аскерлерин чыгарып кетүүдөн тартып 2022-жылдын жазындагы мурунку талаптарын кайталаган. Москванын андай талаптарын Украина жана анын Батыштагы өнөктөштөрү кабыл алынгыс деп четке кагат.
"Орусия өткөнгө эле басым жасап, ок атууну токтотуунун ордуна 2022-жылы Стамбулда койгон талаптарын кайра эле кайталап, үч жыл мурунку акылга сыйгыс сунушун түртүүнүн аракетинде. Орусияга басымды күчөтүүнүн бир себеби да ушул. Москва тынчтык жараянына бут тосуп жатканын аңдашы керек", - деп Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига X плафтормасына жазды.
Ак үй адегенде Киевге нааразы болсо, эми андай маанай Москва тарапка ооганы америкалык аткаминерлердин кескин билдирүүлөрүнөн байкалат. Вашингтон Путин сүйлөшүүлөрдү чындап тынчтыкка жетүү үчүн эмес, жөн эле создуктуруп жатат деп кыйыткан.
"Алар жөн эле тил эмизип жатат. Мына ошону териштиребиз" - деген мамлекеттик катчы Марко Рубио америкалык CBS News телеканалынын 18- майдагы эфирге чыккан интервьюсунда.
"Бир жагынан алганда, кыйраткыч, кымбатка турган, кыргын салган согушту токтотууга аракеттенип жатабыз. Андыктан кандайдыр бир сабырдуулук да зарыл", - деген Рубио. "Башка жагынан караганда, калп эле жел сөзгө короткудай убакыт жок".
Зеленский өткөн аптада Түркияга барып, Путин менен жолугууга даяр экенин жарыялаган. Соңку ирет алар 2019-жылы кездешкен. Бирок Путин акыр аягында Стамбулга барбай турганын билдирди.
Зеленский өткөн дем алууда Ватиканга барып, такка жаңы отурган Рим папасы Леон XIV менен жолугуп, батасын алды. Украин лидери Римде АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс жана мамлекеттик катчы Марко Рубио менен дагы кездешти.
Алар февралдын этегинде Ак үйдө эл алдында кайым айтышкандан кийин кайра жолукту.
Шерине