Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:48

Стамбулга украин делегациясын министр Умеров баштап барат


Украин президенти Владимир Зеленский түрк лидери Режеп Таип Эрдоган менен Анкарада жолукту, 15-май, 2025-жыл.
Украин президенти Владимир Зеленский түрк лидери Режеп Таип Эрдоган менен Анкарада жолукту, 15-май, 2025-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский түрк мамлекет башчысы Режеп Таип Эрдоган менен жолугушуудан кийинки пресс-конференцияда украин делегациясы Стамбулдагы сүйлөшүүлөргө катышарын билдирди. Зеленский Киевдин делегациясын коргоо министри Рустем Умеров жетектеп барарын билдирди. Украин президенти Орусиянын тынчтык сүйлөшүүлөрүнө "олуттуу" мамиле кылбай жатканы үчүн айыптады.

"Орусиялык делегациянын курамын көргөндө сүйлөшүүлөргө олуттуу мамиле кылбай жатканын түшүндүк. Бирок президент Трамп менен президент Эрдоганды урматтагандыктан, мен делегациябызды Стамбулга жөнөтүүнү чечтим", - деди Зеленский.

Президент Зеленский Орусия, Украина, АКШ жана Түркиянын делегациялары менен жолугушуу болорун ырастады. Анын айтымында, жолугушуу 16-майда Стамбулда өтөт.

Украин президенти Түркиянын борбору Анкарага жогорку даражалуу делегация менен келгенин, анын курамына тышкы иштер министри, президенттик аппараттын жетекчиси, коргоо министри, Башкы штабдын башчысы, коопсуздук кызматынын башчысы, атайын кызматтын өкүлдөрү киргенин билдирди. Ал Анкара да Украины эң жогорку деңгээлдеги делегация менен тосуп алганын кошумчалады.

Бейшембиде Зеленский түрк лидери Режеп Таип Эрдоган менен жолукту. Жолугушуу дээрлик үч саатка созулган. Анын алдында Зеленский Түркияда туруп, "Путин, мен келдим, бул жердемин" деген кайрылуу жолдогон.

Бир күн мурун Кремл Стамбулдагы орус-украин сүйлөшүүсүнө барчу делегациянын курамын жарыялаган. Орусиянын делегациясын президент Владимир Путиндин жардамчысы Владимир Мединский жетектейт.

Буга чейин Зеленский Стамбулда Путин менен гана көзмө-көз сүйлөшөрүн, болбосо жолугушуудан баш тартарын айткан.

АКШнын президенти Дональд Трамп Стамбулдагы Украина менен Орусиянын согушту токтотуу тууралуу пландалып жаткан сүйлөшүүсүнө Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Марко Рубио катышарын билдирген. Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Стамбулга Трамптын эки чабарманы Кит Келлог менен Стив Уиткофф барарын жазышкан. АКШнын президенти Түркияга өзү дагы барып калышы мүмкүндүгүн жокко чыгарган эмес.

Стамбулда 15-майда "эч кандай шарт койбостон" тынчтык сүйлөшүүсүн өткөрүүнү президент Путин сунуштаган. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG