Бейшембиде АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен жеке өзү жолукмайынча Украина боюнча сүйлөшүүлөрдө жылыш болбой турганын айтты. Трамп бул тууралуу Абу-Дабиге баратканда Air Force One учагынын ичинде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.
"Путин экөөбүз жолукмайынча эч кандай өзгөрүү болбойт", - деди Трамп.
Мунун алдында АКШ президенти Дональд Трамп Стамбулдагы Украина боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүндө жылыш боло турган болсо, Түркияга барышы мүмкүндүгүн билдирген. АКШ лидери бул тууралуу Катарда өтүп жаткан жолугушууда айткан.
Ушул эле күнү Украинанын президенти Владимир Зеленский Анкарага учуп келди. Зеленский Түркияда туруп, "Путин, мен келдим, бул жактамын" деген кайрылуу жолдогон.
Украин президенти Түркияга сүйлөшүүлөргө келген Орусиянын делегаттары "көз боемочулук үчүн тандалганын" айтып, түрк лидери менен жолугушуудан кийин Орусия менен сүйлөшүүлөргө катыша турган украин делегациясынын курамын жарыялай турганын билдирген.
Бир күн мурун Кремл Стамбулдагы орус-украин сүйлөшүүсүнө барчу делегациянын курамын жарыялаган. Орусия тараптан топту президент Владимир Путиндин жардамчысы Владимир Мединский жетектейт.
Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский Стамбулда Путин менен гана көзмө-көз сүйлөшөрүн, болбосо жолугушуудан баш тартарын айтып келген.
АКШнын президенти Дональд Трамп Стамбулдагы Украина менен Орусиянын согушту токтотуу тууралуу пландалып жаткан сүйлөшүүсүнө Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Марко Рубио катышарын билдирген. Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Стамбулга Трамптын эки чабарманы Кит Келлог менен Стив Уиткофф барарын жазышкан. АКШнын президенти Түркияга өзү дагы барып калышы мүмкүндүгүн жокко чыгарган эмес.
Стамбулда 15-майда "эч кандай шартсыз" тынчтык сүйлөшүү өткөрүүнү Орусиянын президенти Владимир Путин сунуштаган. (AiA)
Шерине