Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

Анкарада Зеленский менен Эрдогандын жолугушуусу өтүүдө


Украинанын президенти Владимир Зеленский. 15-май, Анкара 2025-жыл.
Украинанын президенти Владимир Зеленский. 15-май, Анкара 2025-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Анкарада Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугууда. "Азаттыктын" украин кызматы жазгандай, Зеленский түрк лидери менен жолугушуудан кийин Орусия менен сүйлөшүүлөргө катыша турган украин делегациясынын курамын жарыялайт.

"Жогорку деңгээлдеги жолугушууларды президент Эрдоган менен баштайбыз. Америка тарап менен байланыштабыз, Түркияга алар тараптан да жогорку деңгээлдеги өкүлдөр келет деп ойлойм. Орусиянын делегаттары көз боемочулук үчүн тандалгандай. Президент Эрдоган менен сүйлөшкөндөн кийин эмне кылабыз, кадамдарыбыз кандай болорун ойлонобуз", -деди Зеленский журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Зеленский түрк президентине сүйлөшүүлөрдү уюштурганы үчүн ыраазычылык билдирип, украин тараптан жогорку деңгээлдеги делегаттар катышаарын кошумчалады.

"Биздин делегациянын курамында Тышкы иштер министрлиги, чалгындоо органдарынын, менин кеңсемдин өкүлдөрү бар", - деди украин президенти.

Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский Стамбулда Путин менен гана көзмө-көз сүйлөшөрүн, болбосо жолугушуудан баш тартарын айтып келген.

Бир күн мурун Кремль Стамбулдагы орус-украин сүйлөшүүсүнө барчу делегациянын курамын жарыялаган. Орусия тараптан топту президент Владимир Путиндин жардамчысы Владимир Мединский жетектейт.

Мунун алдында АКШнын президенти Дональд Трамп Стамбулдагы Украина менен Орусиянын согушту токтотуу тууралуу пландалып жаткан сүйлөшүүсүнө Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Марко Рубио катышарын билдирген. Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Стамбулга Трамптын эки чабарманы Кит Келлог менен Стив Уиткофф барарын жазышкан. АКШнын президенти Түркияга өзү дагы барып калышы мүмкүндүгүн жокко чыгарган эмес.

Стамбулда 15-майда "эч кандай шартсыз" тынчтык сүйлөшүү өткөрүүнү Орусиянын президенти Владимир Путин сунуштаган. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG