"Сахароводо" кезекте турган мигрант тепсендиде калды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Орусиялык телеграм каналдар Москвадагы “Сахарово” миграциялык борборунда кезекте тургандардын бири тыгылышта тепселип каза тапканын маалымдап, окуянын видеосун жарыялады. Каза тапкан жаран Өзбекстандын жараны экени кабарланууда. Евразия Экономикалык Биримдигиндеги өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандары борбордо өзүнчө жол менен кирет, бирок мекеменин ичинде кезек кайрадан биригет. Мурдараак кыргыз бийлиги мигранттарга кайрылып, сентябрга чейин “кара тизмеге” кирип калгандарды документтерин мыйзамдаштырууга чакырган.