Эки айдан бери камакта жаткан эркин журналист Канышай Мамыркулованын соттук ишин кароо 21-майга калды. Сотко прокурор келбей калганын Мамыркулова "саясий басым" деп сыпаттады. Бийлик болсо Кыргызстанда сөз эркиндиги корголорун такай билдирет.
Өзбекстандын жараны кызы Бишкекте бир жарым ай мурун жол кырсыгына кабылып, комага түшкөнүн, тиешелүү мекемелер тарабынан жакшы көңүл бурулбай жатканын айтып кайрылды. Бишкек шаардык милициясы кырсык боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын маалымдады.
Камактагы ишкер Имамидин Ташовдун ишине байланыштуу казак жараны кармалганы белгилүү болду. 31 жаштагы Тараздын тургунунун жакындары ал Ташов менен камактагы активист Тилекмат Куреновдун "каржылык тапшырмаларын аткарып, бийликти басып алуу аракетине көмөктөшкөн" деп айыпталып жатканын айтышты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу аскер бөлүктөгү жоокерлер кабылган зордук-зомбулук боюнча кылмыш иши козголду. Интернетке чуулгандуу тасма тарап, коомчулук армиядагы жосунсуз жорукту кескин сындап жатат. Президент Жапаров өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевге сөгүш берди.
Казакстандык актёр Шарип Серик өзүн экс-экономика министри Бишимбаев менен чогуу тургандай көрсөтүлгөн ЖИ жараткан видео үчүн полицияга арыз жазды. Актёр жакында эле сүйлөшкөн кызы Алия Бутееваны сабаганы үчүн беш сутка камалып чыккан. Азырынча полиция актёрдун арызын каттайбы же жокпу белгисиз.
“Чек арасыз кабарчылар” уюму дүйнөдөгү сөз эркиндиги боюнча 2025-жылдагы рейтингин жарыялады. Кыргызстан 2024-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 24 баскычка артка кетип, 180 өлкөнүн ичинен 144-орун илинди. Буга чейин Amnesty International Борбор Азияда ЖМК катуу кысымга кабылганын жарыялаган.
Орусия Украинага журналист Виктория Рощинанын сөөгүн кайтарып берди. Денеде кыйноонун тактары калганын, айрым органдары жок экенин "Украинская правда", "Важные истории" жана француз журналисттеринин Forbidden Stories концорциуму баштаган ондогон медиалардын иликтөөсүндө айтылат.
Эл аралык мунапыс (Amnesty International) уюмунун Дүйнөдөгү адам укуктарынын абалына арналган баянмадасы 29-апрелде жарык көрдү. Анда 2024-жыл Борбор Азиядагы адам укуктары жаатындагы абал дагы оор сыноого кептелгени белгиленген.
"Маариф" (мурдагы "Сапат") фондуна караган лицейдин мугалими Азамат Нурмат уулу Түркияда динияты Фетхулла Гүлендин кыймылынан улам кармалганы ачыкка чыкты.
Тышкы иштер министрлиги “Маариф” (мурдагы “Сапат”) фондунун лицейинин окутуучусу Азамат Нурмат уулу Түркияда кармалганын ырастады. Буга чейин жакындары ал Стамбулда кармалгандан бери дайынсыз экенин айтып бийликке кайрылган. Айрым депутаттар муну сындап, мугалимди алып келүүнү талап кылууда.
Бишкектин тургуну Европага окууга кеткенде мурдагы күйөөсү балдарын уруп-сокконун айтып чыгып, укугун коргоону сурады. Ал уул-кызы менен байланыша албай койгондон кийин окуусу бүтө электе кайтып келүүгө аргасыз болгон.
Дагы жүктөңүз