NBC News: Ак үй палестиндерди Ливияга көчүрүүнү караштырып жатат

Газа тилкеси.

АКШнын президентинин администрациясы Газа тилкесинен бир миллиондой палестинди Ливияга биротоло көчүрүүнү караштырып жатат. Бул тууралуу NBC News телеканалы өз булактарына таянып жазды.

Ага ылайык, Вашингтон бул планды Триполи менен талкуулаган. Ак үй бул планга олуттуу мамиле жасап жатат, бирок азырынча бир ыктай чечим кабыл алына элек.

Телеканалдын ырасташынча, АКШ сүйлөшүүлөр тууралуу Израилге дагы маалымат берип турат. Палестиндерди кабыл алганы үчүн АКШ Ливияга мындан 10 жыл мурда камакка алган миллиарддаган долларын бериши ыктымал.

АКШнын Мамлекеттик департаменти жана Улуттук коопсуздук кеңеши телеканалга комментарий берген эмес, бирок материал чыккандан кийин ал маалыматтарды жокко чыгарышкан.

Ал арада Израил армиясы Газа тилкесинде ири чабуул башталганын жарыялады. Бейшемби күндөн берки соккулардан 250дөй кишинин өмүрү кыйылганы кабарланды.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп февралда араб мамлекеттерине кайрылып, Газанын тургундарын кабыл алууга чакырып, палестиндердин аймакты таштап кетүүдөн башка аргасы жок экенин айткан. Ал андан соң АКШ анклавды калыбына келтирип, экономикасын өнүктүрө турганын билдирген.

Буга чейин Израил жана Газа тилкеси менен кошуна араб өлкөлөр палестин качкындарын кабыл алууга ниети жоктугун бир нече жолу айтышкан.

21-февралда араб мамлекеттери Трамптын сунуштарын талкуулап, Газанын келечеги боюнча өз демилгелерин ортого салуу максатында Эр-Риядда атайын саммитке чогулушкан.

Дагы караңыз

Израил Газада ири чабуул баштаганын жарыяладыБишкекте өзбекстандык студент кызды сүзүп кеткен айдоочу камалды Салман Рушдиге кол салган жаран 25 жылга соттолдуСумы: жүргүнчү ташыган автобуска урган Орусиянын соккусунан тогуз киши мерт болду Бишкек менен Чүйдү газдаштыруу үчүн жеңилдетилген насыя берүү башталдыКылмыштарды каттоонун бирдиктүү реестри прокуратурадан ИИМге өттүBloomberg: Стамбулда Орусия Украинадан аймактарынан баш тартышын талап кылды