Кыргызстан менен Тажикстандын министрлери автобус каттамын жандантууну сүйлөштү

Абсаттар Сыргабаев менен Азим Иброхим.

Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев 15-майда тажикстандык кесипеши Азим Иброхим менен жолугушту. Анда тараптар чек ара маселелери чечилгенден кийин алака-катышты жандантууну сүйлөштү.

"Абсаттар Сыргабаев Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселеси чечилгендигин белгилеп, курулуучу автомобиль жолдорунун азыркы абалына токтолду. Ал эми Тажикстандын транспорт министри Азим Иброхим автобус каттамдарын калыбына келтирүүнү сунуштады. Жолугушуу Казакстандын Астана шаарында "Борбор Азия – Кытай" форматындагы транспорт министрлеринин экинчи жыйынынын алкагында өттү",-деп жазылган маалыматта.

Автобус каттамдары качан, кандай шартта жанданары тууралуу азырынча так маалымат бериле элек.

Эки өлкөнүн ортосундагы аба каттам өткөн айда жанданган. "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы ал кыргыз-тажик өкмөттөрүнүн аба каттамдарын жандантуу тууралуу 13-мартта кол койгон келишиминин негизинде ишке ашканын билдирген.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 13-мартта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип, эки өлкөнүн мамлекет башчылары чек араны тактоо тууралуу келишимге кол коюшкан. Мындан кийин Баткенде чек арадагы соңку куралдуу кагылыштан кийин жабык турган "Кызыл-Бел" жана "Кайрагач" өткөрмө бекеттери кайра ачылган.

Дагы караңыз

Украинадагы согушта мерт болгон 108 миңден ашык орусиялыктын тек-жайы такталдыСадыр Жапаров үч чокуну бириктирген курорт "Ала-Тоо резорт" деп аталарын билдирди Өкмөт Кызыл-Омполдо кен казууга даярдык жүрүп жатканын билдирди Ак-Буурага агып кеткен баланы издөө үчүн Папан суу сактагычы убактылуу буулду Чүйдө чегиртке каптаган айдоо аянттарын дарылоо башталдыАк-Талаада жер титирөөдөн жабыркаган турак жайлардын саны 100дөн ашты