Кыргыз бийлик өкүлдөрү АКШнын элчиси менен санкция маселесин талкуулады

“Капитал банк”.

Президенттин администрациясында 12-майда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен санкция маселелерине байланыштуу жолугушуу болду. Кыргыз өкмөтүнүн билдиришинче, анда расмий Бишкектин Кошмо Штаттары, Британия жана Европа Биримдиги Орусияга салган санкцияларынан кыйгап өтүүгө жол бербөө жаатындагы чаралары талкууланды. Бул максатта былтыр сентябрда атайын Соода компаниясы түзүлгөнү, санкцияны кыйгап өтүүгө каршы иш-аракеттер көрүлүп жатканы белгиленди. Ошондой эле "Борбор Азиянын Капитал банкы" (Капитал Банк) тууралуу дооматтарды дагы четке какты.

"Кыргызстан өз мыйзамдарына ылайык санкциялык режимди сактоо боюнча бардык зарыл чараларды көрүп жатат, ошондой эле АКШнын, Евробиримдиктин, Британиянын санкциялык талаптарын айланып өтүүгө жол бербөө үчүн ыкчам иш алып барууда. Санкцияларды жана мыйзамсыз төлөмдөрдү айланып өтүү коркунучун төмөндөтүү үчүн 2024-жылы 10-сентябрда Экономика жана коммерция министрлиги Соода компаниясын түзгөн. "Капитал Банк” коммерциялык банк болуп саналат, анын акцияларынын 100% Финансы министрлигине таандык. “Капитал Банк” кирешелерди адалдоого жана мыйзамсыз иштерди каржылоого каршы аракеттенет жана санкциялык талаптарын сактоо боюнча чаралары менен кошо өлкөнүн мыйзамдарына жана эл аралык стандарттарга ылайык катуу талап менен иштейт",-деп жазылган маалыматта.

Өткөн айда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Капитал банкына” орус рубли менен операцияларды ишке ашыруу милдети жүктөлгөндөн кийин банк секторунда накталай рублдик операциялардын көлөмү кыскарып, бүдөмүк финансылык агымдардын тобокелдиги азайганын билдирген.

Анын алдында молдовалык IPN агенттиги Кыргызстандагы "Капитал банк" Батыштын Орусияга салган санкцияларын кыйгап өтүүгө жардам берип жатышы мүмкүн деген мазмунда макала жарыялаган. Анда бул банктын АКШ издөө салган молдовалык ишкер Илан Шордун ишканалары менен ыктымал байланышы айтылган.

Кыргыз бийлиги бул маалыматтардын баарын жокко чыгарган.

Дагы караңыз

УКМК Көлбаевдин тобун каржылоого шек саналган казак ишкерине издөө жарыялады Стамбулдагы орус-украин сүйлөшүүсүнө Путин жардамчысы Мединскийди жөнөтөт УКМК Куреновдун сотко аксап, таякчан келгенин өнөкөт омуртка оорусу менен түшүндүрдүТажикстан: соцтармактарда лайк басканы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу жоюлду Чукул кабар: Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде күн 40 градуска чейин ысыйт Израилдин Газадагы ооруканага урган соккусунан ондогон адам мерт болгону кабарланды ЖК: Жанар Акаев Кой-Таш окуясында оор жараат алган генерал Курманкуловдун маселесин көтөрдү