Түркияда өтөрү пландалып жаткан Украина менен Орусиянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдө орус делегациясын бул өлкөнүн президентинин жардамчысы, Жазуучулар союзунун биринчи катчысы Владимир Мединский жетектейт. Бул тууралуу 14-майда Кремль маалымдады.
Орусиялык делегациянын курамына тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын Башкы башкармалыгынын башчысы Игорь Костюков, коргоо министринин эл аралык кызматташтык боюнча орун басары Александр Фомин жана аталган мекемелердин бир нече кызматкери кирди.
Мединский буга чейин Орусиянын маданият министри болуп эмгектенген, аны путиндик башкаруунун негизги идеологдорунун бири деп аташат.
Украин президенти Владимир Зеленский Түркиядагы жолугушууга Орусия президенти Владимир Путин жеке өзү келбесе ага катышпай турганын билдирген.
Түркияга АКШ президенти Дональд Трамптын барышы да күмөн экенин, бирок мындай ыктымалдыкты четке кагуу да азырынча эрте экенин өз булактарына таянып Bloomberg жазган.
Сүйлөшүүлөр 15-майга пландалган. Башталышы саат 10го (Бишкек убактысы боюнча саат 13:00) белгиленгени кабарланды, бирок украин тарап убакыт боюнча так макулдашуу азырынча жок экенин билдирди.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жана Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф Стамбулга 16-майда барары кабарланды.
Орусиялык делегациянын курамында башкы дипломаты Сергей Лавровдун да, Путиндин жардамчысы Юрий Ушаковдун да жоктугу анын макамынын төмөндүгүн көрсөтүп турганына "Агентство" басылмасы көңүл бурууда.
Талдоочулар белгилегендей, Москва Түркияга Мединскийди жөнөтүп, бул сүйлөшүүлөрдү 2022-жылдагы жараяндын уландысы катары көргүсү келип жаткан болушу жана америкалык тарап үчүн күтүүсүз талаптарды коюшу ыктымал.
2022-жылы, Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачкандан көп өтпөй Москва Киев менен бир нече сүйлөшүү жүргүзүп, ортодо кеминде үч документ түзүлгөн.
11-майда Владимир Путин 2022-жылдын жазында үзгүлтүккө учураган сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн Киевдин делегациясы 15-майда Стамбул шаарына келсин деген талап койгон. Ошол эле маалда ал Киевдин, Еврошаркеттин алдыңкы өлкөлөрүнүн жана АКШнын ок атууну 30 күнгө токтотуу чакырыгын жоопсуз калтырган.
Ошондон кийин украин президенти Владимир Зеленский ага макул болуп, Путин өзү да катышууга тийиш деп билдирген.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Стамбул сүйлөшүүсү: Трамп Зеленский менен Путинге талап койду
Зеленский Москвадан келген расмий өкүлдөр менен эмес, орус президенти менен гана сүйлөшөрүн айтып шарт койгон.
Бул күндөрү Перс булуңундагы өлкөлөрдө сапарда жүргөн АКШ президенти Трамп 14-майда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Путин Стамбулдагы жолугушууда аны көргүсү келерин, мындай болушу толук ыктымал экенин айткан. 15-майда сапары Бириккен Араб Эмирликтеринде уланарын, андыктан ошол жакта болорун билдирген АКШ президенти "Бул мен барбайм дегендик эмес. Акыры сөз көптөгөн өмүрлөрдү сактап калуу аракети тууралуу болуп жатат да" деп кошумчалаган.
"Мен ал жакта болбосом, Путин келеби, билбейм", - деген Трамп 14-майда Сауд Арабиясынан Катарга бараткан жолдо.
Түркиядагы сүйлөшүүгө Путин өзү барабы же башка бирөөлөрдү жөнөтөбү деген маселе акыркы сааттарга чейин белгисиз болуп жатты.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков сүйлөшүү өткөрүү сунушу күчүндө экенин, бирок Путин "буйрук бергенден" кийин делегациянын курамы жарыяланарын 14-майда билдирген.
"Орусиянын делегациясы украиналык делегацияны Стамбулда күтөт", - деп кошумчалаган ал.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Стамбул: Путин менен Зеленский бетме-бет жолугабы?
Зеленскийдин Анкарада түрк мамлекет башчысы Режеп Таип Эрдоган менен кездешүүсү күтүлүп жаткан. Бирок украин лидери Путин Стамбулга барууну чечсе Эрдоган менен жолугушууну ошол жакта уюштурса болорун билдирген.
Орусиялык саясат талдоочу Наталья Шавшукова "Настоящее время" телеканалына курган маегинде Путин АКШнын президенти менен жолугушууну көздөрүн, андыктан Түркияга барышы мүмкүн экенин айткан.
“Путинди Трамп менен гана кездешүү кызыктырат. Украина эки лидердин сүйлөшүүсү үчүн шылтоо болуп калды", - деген политолог орус президенти ушу тапта Киев менен тынчтык келишимин түзүүгө кызыкдар эмес деген ою менен бөлүшкөн.
Франциялык Le Monde гезитине берген интервьюда украин президентинин администрация башчысы Андрей Ермак Путин 15-майда Түркияга барбаса, анда бул “Москва тынчыкты каалабайт жана олуттуу сүйлөшүүлөргө даяр эмес дегенди туюндурат” деп билдирди.
“Биз Орусияга ишенбейбиз... Бирок жаңжалга чекит коюну каалайбыз жана сүйлөшүүлөрдүн кандай гана форматы болбосун, кабыл алууга даярбыз”, - деп белгиледи Ермак.
Дагы караңыз Трамптын 100 күнү. Украинада согуш качан токтойт?Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига учурда Анталияда жүрөт. Ал жакта НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте альянстын башкы дипломаттарынын бейформал жыйынын өткөрөт.
14-майда Бразилиянын президенти Луис Инасио Лула да Силва Путинди Украина менен жолугушууга барууга көндүрүү аракетин көрөрүн билдирген.
"Жолдош Путин, Стамбулга барып, сүйлөшүү жүргүзгүлө!” – деп айтуунун мага эч кандай кыйындыгы жок", - деген ал.
15-майдагы акыркы кабарларда АКШ президенти Дональд Трамп Түркияга барбай турган болгону айтылган. Бул тууралуу америкалык өкүлдөргө таянып Reuters агенттиги жазган. Кошмо Штаттардын президентинин атайын чабарманы Кит Келлог Трамп Түркияга эгер Путин келсе барарын айткан.
Ошол эле учурда Трамп Орусия менен Украина согушту токтотуу аракетин көрөрүнө үмүттөнөрүн, эгер сүйлөшүүлөрдө жылыш болсо Түркияга барып калышы мүмкүн экенин айтканы да маалымдалды.
Ок атууну убактылуу токтотуу чакырыктарына карабай Орусия акыркы апталарда кошуна өлкөсүнө дрон жана ракеталар менен сокку уруп келатат.
14-майда Еврошаркеттин элчилери Украинага кол салганы үчүн Орусияга каршы санкциялардын 17-топтомун бекитти. Мындан тышкары "адам укуктарын бузган, гибриддик операцияларга аралашкан жана химиялык куралды жайылтпоо режимин бузган" деп айыпталган орусиялык расмийлерге каршы санкциялар жактырылды.
Акыркы чечимди 20-майда биримдиктин тышкы иштер министрлери кабыл алышы керек болот.
Буга чейин Еврошаркеттин Германия, Франция өңдүү алдынкы өлкөлөрүнүн лидерлери Украинадагы ок атышууну 30 күнгө токтотууга макул болбосо Орусияга салынган санкциялар күчөтүлөрүн эскертишкен.
Брюссель Орусия менен Украинанын 15-майга белгиленген Стамбул сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгын күтөрүн билдирген.