Кыргызстандыктарды баалардын өсүшү мурдагыдан көбүрөөк ойлондура баштады. Мындай жыйынтыкты Эл аралык республикалык институттун (IRI) соңку сурамжылоосу көрсөттү. Изилдөө тууралуу аталган институттун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Димитар Стойков “Азаттыкка” маек курду.