Орусияда Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүнө тыюу салынабы?
Орусияда Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү менен иштөөгө тыюу сала турган мыйзам долбоору сунушталды. Кыргыз таксисттери мыйзам кабыл алынып калса, иши жок калабыз деп кабатыр. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Владивостокко келип, орус президенти Владимир Путин менен жолугары күтүүлүүдө. Анда Пхеньяндын Москвага курал-жабдык жеткирүү маселеси талкууланышы ыктымал. Быйыл Бишкекте Кара-Кече кенинин көмүрүн сатууга жана жагууга тыюу салынды. Энергетика министрлиги борбор калаага Казакстандын көмүрү ташылып келип, 6 миң сомдун тегерегинде сатыларын билдирди.
Чыгарылыштар
-
Май 15, 2025
Зеленский Анкарада жүрөт, Путин Стамбулга барган жок
-
Май 14, 2025
Анжиян кыргынына 20 жыл: Чындык чыгабы?
-
Май 12, 2025
Стамбул: Путин менен Зеленский бетме-бет жолугабы?