Италиядагы кыргызстандыктар Эгемендиктин 30 жылдыгын Болонья шаарында белгилешти. Иш-чарага өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 100гө чукул адам чогулду. Ошондой эле ага Кыргызстандын Италиядагы алгачкы элчиси Таалай Базарбаев, Болонья шаарынын мэриясынын өкүлдөрү катышты.